Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жээнбеков ууланып калган Атамбаевди жайлоого алып кетип, кымыз менен дарылаган»

 Кыргызстандын мурунку башпрокурору азыркы президентибиз кантип мурунку президентти сактап калгандыгын айтып берди

Сооронбай Жээнбеков убагында Алмазбек Атамбаев ууланып калганда, сактап калган. Бул тууралуу  Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын мурдагы башпрокурору Азимбек Бекназаров айтып берди.

Анын сөзү боюнча, окуя 2009-жылы Жалал-Абат облусунда болгон.

- Бул президенттик шайлоонун убагында болгон, - деп тактады Азимбек Анаркулович. - Түштүктө Атамбаевди бир гана мени менен Сооронбай Жээнбеков эле колдогон. Алтургай анын партиялаштары да Бакиевдерден коркуп келе алышкан эмес. Ошол учурда Атамбаев ууланып калды, Жээнбеков аны Кара-Кулжанын жайлоосуна алып барып, кымыз менен дарылаган. Сакайган соң Бишкекке жөнөткөн.

Бекназаров экс-президент Алмазбек Атамбаев бул окуяны унутушу керек эмес деп кошумчалады.

- Ал Жээнбеков тууралуу сүйлөгөндө, ошол учурларды эсинен чыгарбашы керек, - деп сөзүн аяктады ал.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www   



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх