Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Арзан пиарсыз жана баш аягы жок жаңжалсыз сындарды укканга даярмын

Мамлекет башчы мурунку Жогорку Кеңештин спикерлери жана премьер-министрлер менен жоолукту

Кыргызстандын саясий элитасы бири бирин сыйлап, пикирлерин угууну үйрөнүшү керек. Бул тууралу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн мурунку Жогорку Кеңештин спикерлери жана премьер-министрлер менен жоолугушуп жатып билдирди.

Мамлекет башчынын сөзү боюнча, эгерде саясий элитанын өкүлдөрү бири бири менен кызматташа алышса, өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болот.

«Бүгүнкү жоолугушуунун максаты - өлкөнүн өнүгүүсү тууралуу маселени бир аянтчада талкуулоо», - деп белгиледи президент.  

Ал келечекте ички жана тышкы саясат боюнча көп чакыруулар болоорун, ал тууралуу пикир алышаарын баса белгиледи.

«Силер өлкөнө тагдыры чечилчү маанилүү чечим кабыл алчу учурда түздөн-түз келип катышып бердиңер. Саясий окуялардын чордонунда болдуңар. Көп тармактарда бай тажрыйбаңыздар бар. Бул бай ресурс колдонулбай калбашы керек», - деп белгиледи Жээнбеков.

Мамлекеттин мурункусу, азыркысы жана кийинкиси - бул баары бири-бири менен байланышкан түшүнүк. Биз баарыбыз өлкөнүн келечеги жана өткөнү үчүн бирге жооп беребиз.

«Элита бир бүтүмгө келген жердеги мамлекет дайыма ийгиликке жетишет. Алар бири бири менен талашып тартышат, сындашат. Бирок негизги багытка келгенде бир муштум болуп түйүлүп, бир пикирге келишет. Кыргызстандын элитасы да бири бирин урматтап, пикирин укканга үйрөнүшү керек. Эгерде бири бири менен кызматташышса, анда өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү орнойт. Азыр Кыргызстанда көптөгөн көйгөйлөр бар, аны бардык коомдук-саясий күч биригип чечиши керек. Мен силерди өлкөнү бириктирүү күч катары эсептейм», - деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.  

Ал жарандык коом, саясий күчтөр жана мамлекеттик органдардын башкармалары менен кызматташтыкты алга жылдырып жана сүйлөшүүлөрдү колдоп, эч кандай арзан пиарсыз жана баш аягы жок жаңжалсыз сындарды угууга даяр экендигин белгиледи.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх