Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги курултайга бараар барбасын айта элек

Президенттин маалымат кызматы бул тууралуу эртең же бүрсүгүнү билдириши мүмкүн

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкекте 24-жетинин айында өтө турган курултайга өзүнүн катышаарын тактай элек.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы азырынча Сооронбай Жээнбеков кандай чечим кабыл алгандыгын билбейт.

- Эртең же бүрсүгүнү тактап берем, - деп жооп берди Vesti.kg сайтына президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева.

Мурда КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бул курултайга келбей тургандыгын билдирген болчу.

Эске салсак, алдыда боло турган курултайда коомдук ишмерлер жана саясатчылар экс-президент Атамбаевдин, азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө баа берүүгө ниеттенип жатышат.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх