Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эльвира Сурабалдиеваны кучактаганга аракет кылуу жөн эле калып калбайт

Эл өкүлү коопсуздук кызматынын өкүлдөрү «кучактагычка» кызыгып жатышкандарын айтты

Депутат Эльвира Сурабалдиеваны кучактаганга аракет кылган Ак үйдүн кызматкери менен алдын алуу маегин кылуу баары бир болот. Бул тууралуу депутат аял Twitter де билдирди.

«01 кызматынын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештеги милиция кызматкерлери байланышты, менин кесиптештерим да бул нерсеге олуттуу карашты, - деп жазат ал. - Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү киришти, көрүнүштү такташты, демек аларга баары бир эмес экендиги көрүнүп турат. «Кучактагыч» менен алдын алуу маеги баары бир болот».

Эске салсак, мурда  Vesti.kg сайтына КСДП фракциясынын депутатына Ак үйдүн лифтинде бирөө тийишкендигин билдиришкен болчу.

«Лифтте Жогорку Кеңештин бейтааныш кызматкери кыйшаңдап, кучактаганга аракет жасады, - дейт Сурабалдиева. - Депутатка кол тийгизүүнүн акыры жакшы болбой тургандыгын териштиргенде, мени катардагы кызматкер экен деп ойлогондугун билдирди. Ал эми анын аял-кесиптештери тамашага чаптырууга аракет жасашты. Демек катардагы кызматкерлерге ушундай мамиле болот турбайбы». Ал журналисттерге бейтааныш жигиттин жазасын бердием деп айтты.  Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, бул үчүн убакыт керек, болбосо кыргызстандыктар «депутаттардын кылаарга иши жок» деп ойлошу мүмкүн.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх