Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаевди Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча күбө катары тартышы мүмкүн

«Ата Мекен» фракциясы Леонид Маевский тууралуу жаңы маалымат алышкандарын билдирди

«Ата Мекен» парламенттик фракциясы Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайга байланыштуу кайра кароону суранышат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Анын сөзү боюнча, жаңы ачылган жагдай деп орусиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин камалышын айтса болот.

- Айыптоодогу негизги күбө болгон Маевскийди Орусияда алдамчылык үчүн кармашты, - деп эскертет Шыкмаматов. - Ал деген эл аралык алдамчы да. Ошонун сөзүнө ишенип, кантип кишини соттого болот. Ошол кезде Текебаевдин ак экендигин далилдеген 60 ашуун документти анын жактоочулары алып келишти. Сот жараянында Маевскийдин катышышы - анын алдамчылык өмүр баянындагы бир гана факт.

Өз кезегинде «Ата Мекендин» дагы бир депутаты Каныбек Иманалиев Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга бери эле дегенде беш негиз бар экендигин айтты.

- Жаңы жылдан 1-үчтүн айында бир мезгилде эле үч Кодекс күчүнө кирет, - деп белгиледи депутат. - Ушунун негизинде кылмыш ишинин мүнөзү өзгөрөт, ошондо соттор процедура боюнча ишти кайра кароого милдеттүү. Андан сырткары, Алмазбек Атамбаевдин акыркы билдирүүсү бул жаңы иликтөөгө негиз болуп берет. Текебаевдин жактоочулары Атамбаевди күбө катары суракка чакырууну өтүнүп жатышат.

Иманалиев чет элдик жарандын көрсөтмөсүнө таянып соттун чечим чыгарышы өлкөнүн эгемендүүлүгүн сыйлабастык экендигин кошумчалады.

- Сот жараянынын жүрүшүндө 30 ашуун кыргыз жарандары суралды, бирок алардын көрсөтмөлөрү эч кимдин көңүлүн бурган жок, - деди ал. - Мындай соттор иштебеши керек. Бизде Текебаевдин күнөөсүз экендигине фактылык күбөлөрүбүз бар. Биздин кесиптешибиз Жанар Акаев суроо жөнөтүп, биз ошол күнү Маевскийдин Ошто болгондугу тууралуу маалымат алдык. Анын айтымында, ал ошол күнү Чотонов менен жоолугушкам деген. Бизде учакка алынган белеттердин маалыматтары бар.

Вероника Малышева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх