Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Атамбаев адаттагыдай эле мыйзам жолу менен байыгандыгын далилдегенге аракет кылды

Экс-президент коомчулукка Түркиядагы «Гүлжанлар» заводунан түшкөн дивиденттин нотариустан күбөлөндүрүлгөн документтерин көрсөттү

Түркиядагы «Гүлжанлар» заводунан Алмазбек Атамбаевдин алган дивидендин тастыктаган нотариустан күбөлөндүргөн документтерди КСДП партиясы жарыя кылды. Кагаздар саясий бирикменин лидеринин байлык булактарынын мыйзамдуулугун күбөсү катары кызмат өтөшү керек.

Бир канча күн мурун КСДП партиясынын лидери, мурунку президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына интервью берди. Мурунку мамлекет башчы башка нерселер менен катар анын президенттик кызматта тургандагы кирешеси 100 миллион сомду түзгөндүгү жана анын бардыгы эле мыйзамдуу жол менен ишке ашпагандыгы тууралуу маалыматка комментарий берди.

Алмазбек Атамбаев 100 эмес, 111 миллион тапкандыгын айтты, анткени ал ишканаларынын бирин саткан. Экс-президент бул сумма президенттик маяна жана дивиденттер болуп ошончо болоорун айтты. Андан сырткары аялы экөө ар кандай компаниялардан дивиденд алып турушкан.

Атамбаев өзүнүн Кыргызстандагы алгачки фирмасын 1989-жылы ачкандыгын эскерди. Ал эч кандай мамлекеттик кызматта иштебей туруп эле 1989-2005 жылга чейин өзүнүн байлыгын топтоп алган: адегенде китеп, андан соң ата мекендик ишканаларга акча салган, ошондой эле түркиялык, орусиялык ишканалардын акцияларын сатып алган.

«Түркияда менин эки ишканам болгон, - деп түшүндүрөт мурунку мамлекет башчы. - Мен адегенде муну айткым келет: менин Кыргызстандагы ишканаларымдын абалы жакшы эле болчу, кийин 2002-жылы  Акаев баарын бүлүндүрдү. Мисалы, 1999-жылы «Форум» деген өнөр жай тобу ( анда үч завод жана эки биргелешкен ишкана бар болчу) Кумтөр канча салык төлөсө ошончо салык төлөчү. Ошол убакта өлкөнүн ИДП 20% берчү. Мына менин заводдорум ошончо салык төлөчү. Бирок мен өзүмдүн Түркиядагы заводум тууралуу айтып бергим келет. Бул белгилүү ишкана, ал тууралуу прессада да «Гүлжанлар» ишканасы деп айтылып жүрөт. Ал Измир шаарынын экономикалык аймагында жайгашкан». КСДПнын лидеринин айтымында, ал ишкананын 90% акциясын ээлеген жана үч жыл бою дивиденддерди башка акционерлер менен бөлүшүп турган. Атамбаевдин сөзү боюнча, алар акча алыш үчүн банкка (SHBC банкка жана «Дениз-банкка») дивиденддин бөлүнүшү тууралуу нотариустан күбөлөндүргөн кагаз тапшыруулары керек болгон. Ушул документтин негизинде акционерлерге банк акча которуп турган.

«2002-жылы мен Кыргызстандагы ишканаларымды сатууга туура келээрин билдим, анткени акаевчилер менин артыман аңчылык кыла башташты, бишкектеги эсептеримди камакка алышып, атртып ала башташты, - деп улантат ал. Албетте, мен алардын Түркияга да жетээрин түшүндүм. 2002-жылы мен «Гүлжанлардан» алты жолу дивиденд алдым жана 2003-жылы январь айында саттым ишкананы. Мына 2002-жылкы Түркияда сакталып турган нотариустан күбөлөндүрүлгөн кагаздарды силерге окуп берейин: мисалы, 2002-жылы 2-февралда мен 8 миллион 176 миң 906 доллар 81 цент алгам. Ал эми 2002-жылы 6-мартта болсо, 3 млн. 826 миң 118 доллар,  жана башка дегендей. Баары болуп бир жылда алганым 27 миллионго жакын».

Мурдагы президент мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө макулмун дейт, анткени нотариустагы документтер 50-70 жыл сакталат.

«Андан сырткары, алдын ала айтып коёюн, 1999-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда эки тараптуу салык төлөбөө келишими болгон, деп баса белгилейт Алмазбек Атамбаев. - Ошондуктан мен салык мыйзамдарын бузган эмесмин, анын үстүнө ал жер эркин экономикалык аймак болчу».

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх