Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Наталья Никитенко: Алмазбек Атамбаевдин дачасы мыйзамсыз курулган

Жогорку Кеңештин депутаты курулушка уруксат берүүчү документтерди эч ким бербегендигин билдирди

 Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин дачасы мыйзамсыз курулган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

 Анын сөзү боюнча, «Биздин укук» коомдук фонду курулуштун мыйзамсыз экендигин тастыктаган документтерди көрсөткөн.

 - Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин дачасынын курулушуна Мамкурулуш уруксат берген эмес, - деп түшүндүрөт эл өкүлү.

 Эске салсак, Атамбаевдин дачасы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына курулган.

 Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх