Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштун мэри РӨЕБ таштанды ташыгыч унаа сатып алганга берген акчасын шамалга сапырып атабы?

Жабдуулар кымбатка туруп, аларды ойлогондой санда ала албай калабызбы деген чочулоолор бар

Аяк оонанын он экисинде реконстукция жана өнүктүрүү Европа банкы 10 миллион 950 миң еврого Ош шаары үчүн атайын техника жана контейнерлерди сатып алуу боюнча тендер жарыя кылган. «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасына 30 даана техника жана 1 миң 136 таштанды сала турган идиш керек. Мурда бул тууралуу «Кабар» МА билдирген. Шаарга керектүү машиналарды даярдап берүүчү компанияны тандап алууну аяк оона айынын акырына коюшкан эле. Бирок, белгилүү болгондой Vesti.kg сайтына иштелип чыккан тендерлик документтерди бир эле катышуучунун тегерегинде карап жатышкан. Болжолдуу себеби - Ош мэри РӨЕБ консультанттарын көп акчага жалдап алып Швейцарияга жасаган жумуш сапары. Такталбаган маалыматтарга караганда мэрге «Рота Пресс» таштанды ташуучулары мэр менен сүйлөшүшкөн. Машиналар жакшы эле, бирок анын кымбаттыгын белгилей кетүү зарыл. Ошондуктан алабыз деген 30 таштанды ташуучу машинанын жарымын алып калуу коркунучу турат.

Мунун кесепети: европалык өндүрүштңн чыккан техникаларды сатып алуу менен бирге алардын кошумча тетиктеринин эки эсеге кымбат түшөөрүн эске алуубуз керек. Андан сырткары, бүтүндөй инфраструктурага көнүүнү талап кылат. «Ош-Тазалыктын» айдоочулары электрондук жабдуусу бар машинаны башкара алышабы?

Муну менен эле бүтүп калбайт. Чиновниктер 30 машина алабыз деп эң аз санды айтышкан. Ал эми 15 машина болсо Ошко таптакыр жетпей калат, ошондуктан жабдуулардын жетишсиз болоору талашсыз. Vesti.kg сайтына Оштун мэри Таалайбек Сарыбашов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду. Ал өзүнүн чечимин өзгөртөөр бекен? Шаардагы акыбал өзгөрбөсө, сатылып алынган техникалар таасирин тийгизе албаса анын оңолушуна, РӨЕБ буга кандай караар экен? Ойлонулбай коротулган чет элдик инвесторлордун миллиондоруна ким жооп берет?

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх