Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз өкмөтүнө 5 миң сомго бир ай жашап көргүлө деп сунуш кылышты

Жогорку Кеңештин депутаты жаш балдар дарыгерлеринин айлыгын көтөрүүнү талап кылат

Кыргызстандагы жападан жалгыз инфекция ооруканасы толуп калган, анткени жаңы медициналык имараттын жоктугу буга себеп. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын сөзү боюнча, жаңы ачыла турган инфекциялык оорукана шаардын сыртына курулуш керек.

- Кыш келээри менен ооруган жарандардын саны көбөйөт, - деп белгиледи Икрамов. - Жападан жалгыз инфекциялык оорукананын акыбалы мышык ыйлаарлык жана ал да толтура. Балдар оор акыбалдары менен коридордо жатышат. Өкмөт жаңы инфекциялык оорукана курууну ойлонушу керек.

Эл өкүлү медайымдар менен педиатрлардын айлыгын көтөрүү зарылчылыгын кошумчалай кетти.

- Алар азыр 5-6 миң сомдон айлык алышат айына, - дейт депутат. - Бул шермендечилик!  Алар кантип өз балдарын багышат? Балдардын ооруканасынын педиатрлары менен медайымдары 15-20 миң айлык алышы керек айына. Өкмөттүн мүчөлөрү 5 миң сом менен бир балдарын багып, өздөрү да жашап көрүшсүнчү.

Зулайка Эркимбаева

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх