Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттар премьерди алып салуучу укукту каалашат. Эмне үчүн мурункудай президент аркылуу болсо болбойт?

Юристтер жана мурунку чиновниктер Кенжебек Бокоевдин идеясынан эч кандай маанилүү нерсени көрүшпөйт

Депутат Кенжебек Бокоев ("Республика - Ата Журт") парламентке премьер-министрди, башпрокурорду, КР Улуттук банкынын төрагасын жана Эсептөө палатасын кызматтан алуу укугуна ээ болуусун сунуш кылат.  Ал демилгелеген «Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоор коомчулуктун талкуусуна коюлган. Документ эгерде өтүп бараткан жыл тууралуу отчетунда министрлер кабинети, башпрокурор, Улуттук банктын төрагасы жана Эсептөө палатасы алгылыктуу иш кыла албаса, депутаттар бул чиновниктерди тез арада кызматтан бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктук мүмкүнчүлүк берээрин түшүндүрөт.

Негиздөөчү тактамада мыйзам долбоору парламенттин күчөтүлгөн көзөмөлдөө фунциясынын астында иштелип чыкты деп айтылат.

«Эгерде мамлекеттик бийлик Кыргызстанда чыныгы  Парламенттик республиканы оротууга максат койгон болсо, анда аткаруучу бийликтин мыйзам чыгаруучу бийликтин алдында жоопкерчилиги күчөтүлүшү керек», - деп көрсөтүлгөн.

Эске салсак, бүгүнкү күндө өлкөнүн эң жогорку мыйзам чыгаруу органанда аткаруу бийлигине ишеним көрсөтпөө укугу бар.

Саясат таануучу жана дин маселеси боюнча Мамлекттик комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев бийликтин бутактарынын ортосундагы тең салматкуулукту Кенжебек Бокоев туура эмес түшүнөт экен дейт. Ошондуктан мунун сунушунун мааниси жок. Азыркы Конституция боюнча Бокоев айткан маселелер президенттин кароосунда турат, - деп эскертет ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Эгерде премьер же башпрокурор жаман иштесе, аны эмне үчүн ошол аркылуу кетирсе болбосун? Эмне сөзсүз эле Конституцияга өзгөртүү киргизиш керекпи?

Мурунку чиновник Сапар Исаковду өкмөттөн алып салуу мурунку мыйзам менен деле эң сонун ишке ашкандыгын ске салды.

- Кошмо штаттарды негиздөөчүлөр эгерде бардык бийликти президентке берип койсок тиран болуп калат, ал эми конгресске бардык бийликти берсек 70 тиран пайда болот деген, - деп айтат ал. - Биз да андай кылсак, 120 тиранды пайда кылабыз.

Кыргыз Республикасынын УКМК башчысынын мурунку орун басары, генерал-майор Марат Иманкулов депутаттардын ыйгарым укугу жетиштүү, башка кереги жок деген сөзгө кошулат. Анын үстүнө президенттин өзү да чиновниктерге сын көз караш менен карайт деди ал Vesti.kg сайтына.

- Жарабаган жетекчилерди алып салуу керек, - деп айтат Марат Муканович. - Бул нерсеге парламент гана сунуш бериши керек. Ал эми кызматтан алууну мамлекет башчы ишке ашыруусу зарыл. Депутаттарга башкалардын укугун берүүнүн кереги жок.

Мурунку башпрокурордун орун басары жана коопсуздук кызматынын башчысынын мурунку орун басары, юстициянын генерал-майору Кубатбек Кожоналиев Кенжебек Бокоевдин идеясына түшүнө бербей турат. Ал мурда мындай эч качан болбогондугун белгилеп кетти. Жогорку Кеңеш кимдир бирөөгө ишеним көрсөтпөй, анан президент аны колдобой койгон учур бир да учурай электигин айтты.

- Азыркы мыйзамдын иштебей калышына эч кандай шарт жок, эмне жолтоо болуп жатат, - деп суроо берет Кубатбек Азатович. - Эмнеге анда ишеним көрсөтпөгөндүн баары кетип жатат?

Парламентаризмди чыңдоо үчүн депутаттар кээ бир ыңгайлуулуктардан баш тартуулары керек деп кеңеш берет Кожоналиев, анткени анын оюнча, парламентаризм - бул элдин ишеними.

- Кеп мыйзамда эмес, кеп адамдын өзүндө, - деп баса белгиледи ал.

Белгилей кетели, негиздөөчү тактамада өкмөт жамааттык орган жана премьер-министрдин отставкасы бүтүндөй өкмөттүн отставкасын билдирет деп айтылат.

Андан сырткары, мыйзам долбоор «Жогорку Кеңештин Регламенти тууралуу» КР мыйзамынын кээ бир нормаларынын мыктылыгын далилдеп турат.

Тактап айтканда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында Жогорку Кеңештин төрагасы менен Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын

Ольга Федорчук

Сүрөт www






Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх