Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Сооробай Жээнбеков жарандардын катын мурунку президентке караганда көп алып жатат

Мамлекет башчысына ар кандай маселелер менен 12 миң кыргызстандык кайрылган

Сооронбай Жээнбеков жарандардын кайрылууларына өзгөчө маани бергендиги үчүн мамлекет башчынын атына жана президенттин аппаратынын дарегине келген кайрылуулардын саны өсүүдө. Бул тууралуу президенттин аппаратынын жарандардын кайрылуусу боюнча бөлүм башчысы Саякбай Субанов билдирди.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришип жатып, салтанатта сүйлөгөн сөзүндө анын негизги максаты жарандардын эркиндигин жана кызыкчылыгын коргоо экендигин баса белгилеген. Анткени ар бир кайрылууда адамдын тагдыры жана көйгөйү жатат.

Анын сөзү боюнча, президент өзүнүн дарегине келген кайрылууларга өз убагында каралып жана жооп берилишине өзгөчө көңүл бурат. Президенттин атына жана президенттин аппаратына келген жарандардын кайрылуусу «Жарандардын кайрылуусунун каралуу тартиби» мыйзамына ылайык каралат.

Мисалы, 2017-жылы 24-жетинин айынан 2018-жылдын 1-жетинин айына чейин президенттин атына 12 563 кайрылуу келип түшкөн, бул өткөн жылкыга салыштырмалуу 68% көбүрөөк.

Ош жана Бишкек шаарларынын коомдук кабыл алууларында 1228 жаран кабыл алынган, бул былтыркы көрсөткүчтөн 10% жогору.

516 жаран президенттин коммдук кабыл алууларында кеңеш түрүндө жардам алышты.

Бөлүм башчы белгилеп кеткендей, келген 12563 кайрылуунун 1145 кайрылуусу президенттин жеке көзөмөлүндө турат. Алардын 967 кайрылуусу аткарылды, бул 83% түзөт. калган 16,5% мөөнөтү боюнча аткарылат.

Жарандардын кайрылуулары тууралуу маалыматтар Кыргыз Республикасынын президентинин расмий сайтында байма бай жарыяланып турат   «President.kg», ошондой эле башка интернет сайттарда, «КТРК», «ЭлТР» жана «Пирамида» телеканалдарында көрсөтүлөт.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин административдик имаратынын жанында акция жана митингдин катышуучуларына мыйзамдын чегинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, - деп баса белгиледи Саякбай Субанов.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх