Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өмүрбек Текебаевдин аялы күйөөсүнүн ден соолугу мыкты экендигин айтып берди

Жубайлардын жоолугуусу мындан бир ай илгери болгон

Камактагы экс-депутат Өмүрбек Текебаев учурда ден соолугуна даттанбайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын аялы Айгүл Текебаева айтып берди.

Анын сөзү боюнча, акыркы жолу алар күйөөсү экөө бир ай мурун жоолуккан.

- Өзүн жакшы сезип турат, ооруган эч жери жок, - деди ал.

«Альфа Телекомду» башкарууга укук алам деп Өмүрбек Текебаевге миллион доллар бердим деп мурда билдирген орусиялык Леонид Маевскийдин камакка алынышы тууралуу болсо жубайлар сүйлөшүшкөн эмес.

- Мен айткан жокмун. Балким жактоочулары бул жаңылыкты жеткиришкендир, - деди Айгүл Текебаева.
Эске салсак, быйыл теке айында Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология бөлүмүндө дарыланган соң, №47 түзөтүүчү колонияга которулган.
Андан кийин экс-депутат неврология бөлүмүнө которулган. Текебаевге калкан безиндеги шишикти алып салууну сунуш кылышкан, бирок ал мындай сунуштан баш тарткан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх