Бурулайдын өлүмү тууралуу иштин сотунда массалык мушташуу болду. Эч кимди кармашкан жок (видео)
Милициядагылар мушташтын катышуучуларын убагында ажыратып калышкандарын айтышты
Бурулайдын өлүмү тууралуу иштин сот жараянындагы массалык мушташ фактысы боюнча кармалгандар жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Бишкек ШИИБ маалымат кызматы билдирди.
- Катуу деле мушташышкан жок, тарапташтардын туугандары бири бирине катуу сөздөрдү айтып жатышты, - деп түшүндүрдү милициядан. - Милиция кызматкерлери аларды убагында ажыратып калышты. Жаңжал боюнча эч кимди кармашкан жок.
Окуя бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда, соттук уктуруу болгондон кийин болуп өттү.
Мушташтын видеосун «Sputnik Кыргызстан» МА жарыя кылды.
Эске салсак, бугу айынын жыйырма жетисинде Бурулай Жайыл районунун ИИБде өлтүрүлгөн болчу.
Кылмыш ишине Марс Бөдөшев айыпталып жатат. Ал кызды ошол күнү үйлөнүү максатында алып качкан.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www