Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жыл айланды. Жерүйдөгү алтын иштетүүчү фабрика кана?

Эксперт ал жакынкы жылдары курулбайт деп эсептейт. Анткени ал Кумтөр менен байланышкан

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жумуш сапары менен барды.

Алдын ала маалымат боюнча, өкмөт башчы жеке эле чарбалык иштерди териштирүү үчүн эмес, Жерүйдөгү акыбалга да көз салуу үчүн барды. Анткени бир жылдан бери алтын иштетилүүчү фабрика курулбай жатат.

Мындан туптуура 12 ай мурун - 2017-жылдын 23-жетинин айында «Альянс Алтын» кен иштетүү компаниясы салтанаттуу түрдө калдык сактоочу жайдын жана алтын иштетүүчү фабриканын капсуласын куйган эле. Бул шаан шөкөттүү салтанатка өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетинин башчысы Уланбек Рыскулов, Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Анлрей Крутько жана «Русская Платина» компаниясынын башкы директору Евшений Воробейчик катышкан. Бул театралдашкан калп көрүнүштү жасоо менен компания ишкананын курулушу үчүн айып төлөөдөн качкан.
Бир нерсе ойдогудай болбой калды

Бул жакшынакай ырым-жырымдан кийин алты ай өтсө да, алтын иштетүүчү фабриканын жерпайы да курулган жок. ӨЭКМК «Альянс Алтынга» кечиктирген ар бир ай үчүн 100 миң доллардан айып салды. Жарым жылда 600 миң доллар (2017-жыл бештин айынан баштап 2018-жылдын бугу айына чейин). Бирок компания ай сайын лицензиядагы келишимди аткарбагандыгы үчүн 100 миң доллардан төлөп турууну каалаган жок. Кен иштетүүчүлөр өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү Мамлекеттик комитетин сотко берди. Алар мекеменин чечимин мыйзамсыз дешет. Доогерджин ою боюнча, алтын иштетүүчү фабрика - бул «комплекстүү алтын комбинаты, анын курамына фабрика, калдык сактоочу жай, жолдор, жарыктандыруу жана ошондой эле жатакана кирет», ал эми бул эсептелгендердин кээ бир пункттары курулуп жатат. Андан сырткары, алтынды казып алуу 2019-жылга келишим боюнча белгиленген, демек, убакыт дагы бар.

Бирок, мекемедегилер тендердин шарттары боюнча, «эгерде жеңүүчү компания 3 айдын ичинде курулуш иштерин баштабаса, ага айып салынаары жазылган. Айып ар бир кечиктирилген ай сайын 100 миң доллардан болот», деп жазылган деп нааразы болушту. Ошондой эле, келишимде алтын иштетүүчү фабриканын курулушу гана курулуштун башталышы деп эсептелет деп так көрсөтүлгөн.

2018-жылдын бугу айында парламенттик отун-энергетикалык комплекс комитетинин мүчөлөрү Жерүйгө көчмө жыйын өткөрүштү. Эл өкүлдөрү тендерден утуп чыккан компанияга тийешелүү курулушту баштоого эмне жолтоо болуп жаткандыгын аныктоого аракет кылышты.

Депутаттык көзөмөл

Жыйынтыгында комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев жумуш өтө солгун болуп жаткандыгын, ачылышы 3-4 айга кечигиши мүмкүн экендигин байкаган. Бирок «Альянс Алтын» лицензиялык келишимдеги эреже боюнча салынган айыпты төлөөнү унутпашы керек деп баса белгиледи.

«Жолдун курулушу, котельная, булар башка обьектилер, - деди ал. - Подстанция курулду. Биз эмне курулушту баштабай жатасыңар деп сураганда, алар мына эми баштайбыз деп жооп беришкен. Бирок кечигүү дагы эле уланып жаткан болсо, алар айыпты төлөөгө милдеттүү. Мен бул чечимди туура деп эсептейм. Анткени алар башка обьектилерди куруп жатышканы менен балким бизди алдап жатышкандыр? Бул жерде алардын курулушту баштабагандарына караганда, лицензияны башка бирөөлөргө сатып жибергенби деген күмөн ой пайда болуп жатат. Талаш маселелерди сот чечет, ал эми бизге болсо заводдун иштеп баштаганы керек».

«Альянс Алтындагылар» буга жооп кылып, курулуш баштоого аба ырайы жолтоо болду жана документтерди даярдоо кечикти дешти.

Бүгүн компания Бишкектин райондор аралык сотунда соттошууну улантып, алтургай 300 миң долларды акыркы чечим чыккыча төлөбөй турууга жетишти.

Жакында эле «Альянс Алтын» ӨЭКМК нин үстүнөн Жерүйдүн лицензиясын орусиялык ВТБ Банкка күрөөгө койгонго каршы болгону үчүн экинчи доо арызын жазды. Кен иштетүүчү өзүнүн кен иштетүүгө болгон укугун күрөөгө коюп 180 миллион доллар акча алганга аракет кылган.
Лицензияны күрөөгө коюуга мыйзам жол берсе да ӨЭКМК сотто ага каршы болгон.

Алтын иштетүүчү фабрика качан курулат?

Соттор болуп жатат, ал эми алтын иштетүүчү фабрикадан болсо дайын жок.
Ошондуктан капсула салынгандан бери бир жылдын өтүп кеткендигине таң калбай эле коюу керек. Кенде жол менен жатакана бар, ал эми алтын иштетүүчү фабрика жок. Чамасы, ал курулбайт деле окшойт.

Тоо кен өнөр жайы боюнча эксперт Максат Мамытканов ушундай деген оюн билдирет. Ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде алтын иштетүүчү фабриканын жакында курулбай тургандыгынын бир катар себептерин атап кетти.

- Ири алтын кенин иштетүү үчүн бул жаатта чоң тажрыйба болушу керек, атайын жабдуулар, кадрлар - сабаттуу инженерлер, технологдор керек, - дейт ал. - Булар жок болгондон кийин «Альянс Алтындын» көйгөйү биринин артынан бири чыга берет.

Жакшы адистер бардык эле тармакта аз болот, ал эми кыйындын кыйындары эреже катары ири компанияларда иштешет, чоң суммадагы акча алышат да, орундарынан жылгысы келбейт, - деп түшүндүрөт Мамытканов. Керектүү сандагы кесипкөйлөрдү өзүнө тартуу үчүн убакыт талап кылынат.

- Бирок эң негизгиси атайын техника, - деп улантат эксперт. - Чамасы, «Альянс Алтын» Кумтөрдөгү иштин бүтүшүн күтүп жатат окшойт. Анткени ал жердеги атайын техникаларды арзан сатып алууга болот да. Мындай схеманы убагында Максим Бакиев колдонуп көргүсү келген: ошол кезде Кумтөрдүн жер алдынан иштеп чыгаруусу тууралуу сөз болгон. Анда жер үстүндөгү машиналардын кереги жок болуп калмак да, Макс аларды жер үйгө алып кете бермек.
Белгилүү болгондой, Centerra Gold Inc Кумтөрдү 2023-2026 жылдары жабууну көздөп жатат. Ошентип, жакынкы 2-3 жыл аралыгында өлкөдөгү экинчи кендин ачылышын күтсөк болот.

- Ал эми салынган айып пулдар «Альянс Алтын» үчүн арзыбаган сумма болуп калат ошондо. - Ошондуктан алар күтө турушат. Биринчиэски техника менен баштап туруп, анан убакыт өткөн сайын жаңыларын сатып алышат. Муну өкмөт түшүнсө керектир дейм. Тоо кенин иштетүүдө бардык башка бизнестин түрүндөй эле өзүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү бар.
Алтын иштетүүчү фабриканын курулушун тездетип жибере турган башка жол жок деп эсептейт эксперт. Ал эми башка жолу болсо, ал келишимде көрсөтүлгөн эмес. Бир гана жолу «Альянс Алтынды» сотко берүү керек, бирок бул нерсеге биздин өкмөтүбүз барбайт.

Азырынча «Альянс Алтын» тил эмизип атат, бирок качан аткараары белгисиз. Ал курулуш баштоонун ордуна соттон сотко сүйрөлүп, убакытты кетирип жатат.

Сергей Новиков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх