Албек Ибраимовдун ишин сотко өткөрүп беришет
Бишкектин мурдагы мэринин ишин иликтөө аяктады
Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун ишин иликтөө аяктады, ошондуктан жакын арада материалдар сотко өткөрүлүп берилет. Бул туурасында Vesti.kg сайтына мурунку шаар башчынын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Бүгүн толугу менен Албек Ибрамовго алдамчылык жана коррупция боюнча эки берене менен айып тагышты, - деп түшүндүрдү юрист. - Ишти сотко өткөрүп беришет. Жыйынтыктоочу жараян болжол менен жарым айга созулат.
Эске сала кетели, ордо калаабыздын мурунку мэри Албек Ибраимов ушул жылдын теке айында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
Учурда мурдагы чиновник улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин тергөө абагында камалып турат.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www