Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы Алмазбек Атамбаевдин кирешелери тууралуу маалыматты текшерет

Текшерүүгө ЖМКдагы чыгарылыштар себеп болгондугун Башпрокуратурадагылар түшүндүрүштү

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы экс-президент Алмазбек Атмабаевдин кирешелери тууралуу маалыматтарды текшерет, ошондой эле «Алар Арча» Мамлекеттик резиденциясындагы дачанын курулуу фактысы да текшерилет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Башпрокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

- Жарандык активист Эдил Байсаловдон же башка жарандардан расмий билдирүү түшкөн жок, бирок ЖМКдагы Алмазбек Атамбаевдин кирешеси тууралуу маалыматтар УКМКнын коррупцияга каршы кызматына өткөрүлүп берилди, - деп маалымдады өлкөнүн негизги көзөмөл органындагылар.

Эске салсак, мурда Алмазбек Атамбаев өзүнүн чет өлкөдөгү бизнеси жана башка киреше булактары тууралуу өзүнүн интервьюсунда айтып берген болчу.

Андан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко мамлекеттик резиденциядагы Алмазбек Атамбаевдин дачасы уруксат берүүчү документтери жок салынган деп билдирди. Кийинчерээк КСДП партиясы четке кагып, «Бишкектин башкы архитектурасынын» документтеринин сүрөтүн көрсөттү.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх