Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сооронбай Жээнбеков курултайга келген жок

Бирок ал сунушту баары бир алат

Бишкекте саясий жана коомдук уюмдардын курултайы болот. Иш чарага 400 ашуун адам чогулду. Алардын арасында мурунку депутаттар, мурунку өкмөт мүчөлөрү жана жарандык активисттер бар.

Жоолугушуудагы негизги маселе экс-президент Алмазбек Атамбаевдин  ишмердүүлүгүнө баа берүү. Андан сырткары, съезддин катышуучулары Сооронбай Жээнбековдун ишинин жыйынтыктары тууралуу сүйлөшүүнү көздөшөт. Аягында азыркы мамлекет башчыга сунуш кат жазышат.

Курултайдын уюштуруучулары Алмазбек Атамбаевди да, Сооронбай Жээнбековду да чакырышкан. Бирок алардын бири да иш чарага келген жок.

Ал ортодо, президенттин аппаратынын биринчи орун басары Алмаз Кенебаев сөз сүйлөдү.

“Курултай кыргыздар үчүн маанилүү жыйын -  ошондой эле элдер илгертен эле. Президент дайыма саясий күчтөр, жарандык коом жана бейөкмөт уюмдар менен кызматташуу керектигин айтып келет. Эл мамлекетти чыңдап, өнүктүрүү үчүн биригүү керек”, - деп белгиледи Кененбаев.

Фото Медина Купсулдаева

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх