Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азимбек Бекназаров: Биз Сооронбай Жээнбековду коррупция менен күрөшүүдө колдошубуз керек

Убактылуу өкмөттүн башчысынын мурдагы жардамчысы КР президентинин ишине баа берди

 Бүгүн эки мамлекет башчынын иштерине баа берилет. Бул туурасында курултайда убактылуу өкмөттүн башчысынын мурдагы орун басары, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров билдирди.

“ Кыргыз элинин тагдыры мени дайыма түйшөлтөт, - деди ал. – Мен докладды жаш муундар жазсын деп атайын сүйлөдүм. Биздин президентибиз биздин курултайды колдоду. Биз кандай мамлекетте жашап жатабыз? Жээнбеков кантип мамлекет башына келди? Ушул суроолорду бүгүн талкуулайбыз.

Спикер белгилеп кеткендей, Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин колдоосу астында бийликке келди.

“ Сооронбай Жээнбеков коррупциялык республиканын президенти болуп калды, - деп билдирди Азимбек Бекназаров. Ал 2010-жылкы революциядан кийин Атамбаевдин түздөн түз колдоосу менен бийликке келди. Ал иштеген бир жылдын ичинде бир катар маанилүү көйгөйлөрдү чечти. Ал кыргыз элинин кулк мүнөзүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын чыныгы президенти болду. Жээнбеков өзүнүн ким экендигин көрсөттү. Эгемен мамлекеттин тагдыры, адилеттүүлүк үчүн жана коррупциядан кутулуу үчүн биз аны колдошубуз керек. Биз президенттин кантип коррупция менен күрөшүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Менин көз карашымда, бул күрөштү партизандык деп атоого болот. Мурунку мамлекет башчылар башка өлкөлөрдө бекинип отурушат. Бишкекте курулуп жаткан обьекттерди, Кумтөрдү ким башкарат? Ал адамдар Сатыбалдиев менен Исаковдон эмнеси менен айырмаланышат? Бул коррупция деп аталат. Эмне үчүн биз өз алтыныбызды башка мамлекетке беребиз?”.

Ал Кыргыз Республикасы көп улуттуу өлкө экендигин эске салып кетти.

“ биз көп улуттуу өлкөдө жашайбыз, - деди спикер. – Биз Кыргызстандын ар бир жараны бул өлкөнү мекеним деп сыймыктана турган өлкөнү курушубуз керек”.

Курултайга республикадагы коомдук, саясий жана патриоттук уюмдардын өкүлдөрү келип катышты.

Медина Купсулдаева

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх