Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” курултайы өтүп жатат

Бишкекте саясий жана коомдук бирикмелердин курултайы өтүп жатат

Бүгүн эртең менен башталган курултайга 400дөн ашуун эл чогулуп, мурунку депутаттар, Өкмөттүн мурунку мүчөлөрү жана жарандык
активисттер катышууда.

Саясатчы Акматбек Келдибеков сүйлөгөн сөзүндө Кумтөрдү денонссациялаш керек деди. Кумтөр менен жаратылыш газы элдин менчиги экенин айтып,100 пайыз калкка өткөрүлүш керектигин
белгиледи.

Легендарлуу парламенттин өкүлү аксакал деген сөздүн баалуу болуш керектигин, аксакал бул инсандын басып өткөн жолу болоорун айтты.

«Азыркы парламенттин депутаттары Атамбаевке баатыр деген наам бериш керек деп кыйкырып жатышат»-деди легендарлуу парламенттин өкүлү. «Парламент депутаттары принципиалдуу болуш
керек, бири туура эмес сөздү айтса, оңдоп, аны бетине айтыш керек»- деди ал.

Аксакал буга чейин мындай курултай болбогондугун белгилеп, бүгүнкү иш-чараны бийликтин элге жакындоосу катары баалады. «Жаңы муун» саясий кыймылынан келген Айбек Бусурманкулов Атамбаев президент болуп турганда аны сындап, камалып да чыкканын эскерди. Ал азыркы парламенттин жумушуна канааттандырарлык эмес деген бааны берип, депутаттар жетишээрлик деңгээлде иш алып барбай жатканын айтты.

Айбек Бусурманкулов «азыркы парламент шайлаган Исаков менен Абулгазиев түрмөдө
отурушат»- деди.

Байлыгын коргош үчүн өз кызыкчылыгы менен парламентке келген депутаттар коркпой Сооронбай Жээнбековко да сын айтыш керек эле деди ал. Жаш саясатчынын айтымында

Сооронбай Жээнбековтун да кемчиликтери бар. Башкы прокурор саясий куугунтук менен соттолгондор боюнча эч кимдин көзүн карабай чечим чыгарыш керек болчу деп эсептейт. «Андыктан, саясий
тажрыйбасы бар, сын айта ала турган адамдарды бийлик кызматка тартыш керек»-деп сөзүн аяктады.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх