Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Аргымбаев: “Саясатчыларды куугунтуктап Кыргызстанга 36-жылды алып келишти”

400 дөн ашуун саясий жана коомдук бирикмелердин мүчөлөрү чогулган курултайда бардык сүйлөгөндөр реформа керектигин айтышты

Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев саясий өңүттө иш козголуп түрмөдө отурган Эрнест Карыбеков, Асанов, Кадыров, Садыр Жапаров жана Өмүрбек Текебаевтерди эстеп, юпи-гейт,белиз-гейт үчүн Атамбаев жооп бериши керек дейт.

«Ушундай балит иштерди жасап алып туруп Атамбаев четке чыгып кетпеш керек»-деди ал.

Сооронбай Жээнбековдун бийлиги легитимдүү болуп турганда саясий куугунттук кылган күнөлүүлөрдү жоопко тартмайынча реформа башталбашы керек деп эсептейт Аргымбаев Исмаил Исаковтун айтымында Алмазбек Атамбаев да, Сооронбай
Жээнбеков да курултайга чакырылган. «Бул курултайга каршылаштар да,каршы эместер да,эч кимге тартпаган ортосу да келди,бирок

Атамбаев менен Жээнбеков келген жок»-деди ал. Саясатчы мурунку бийликтин ыймансыздыгын айтып, ыймандуу бийликти ыймансыздар колдойт беле деген суроону элге берди. «Жээнбековту Атамбаев алып келген эмес,аны эл,биз алып келдик»-деп айтты ал. Исмаил Исаков бүгүнкү айтылган сунуштарды колдош керектигин айтып, Кумтөрдү денонсациялоо боюнча парламент колдобойт деди. «Биз элден алгач 3 нерсени сурашыбыз керек. Мамлекетибизде парламенттик же
президенттик башкаруу болуш керекпи,Кумтөрдү денонсациялоого макулбузбу жана аймактарды бириктирүү керекпи деп.

Конститутциянын негизинде элден ушул маселелерди сурап анан аны кынтыксыз аткарышыбыз керек»-деп сөзүн жыйынтыктады Исмаил Исаков.

Акылай Рахматулла

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх