Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курултайдын катышуучулары өлкөнүн тагдырын талкуулашып жана артына көп таштанды калтырып кетишти (сүрөт)

Аларды «саясий коомдун сокур ичегиси» деп аташты

Бишкекте 24-жетинин айында өткөн республикалык курултайдын катышуучуларын «кыргыз саясий организминин сокур ичегиси» деп аташты. Анткени, элдик курултайдын катышуучулары Кыргыз драма театрына өздөрүнөн кийин толтура таштанды калтырып кетишти.

Орусиядагы КСДПнын расмий өкүлү Темирлан Султанбеков фесбуктагы өзүнүн баракчасына таштандылардын сүрөтүн чыгарды.



«Бул сүрөттөр бүгүнкү курултайдын көрүнүшүнөн кабар берет»: алар аркимди сындаганга көнүп алышкан. Алар өз жашоосунда бир ажаткана да курушкан эмес, бирок ЖЭБ, музей, станция, жолдор жана мектептер туура эмес курулгандыгын билишет. Курултайда сөз сүйлңгңн делегаттардын көпчүлүг кыргыз саясий организминин сокур ичегилери экендигин баары билишет. (орфография жана пунктуация бузулбай сакталды.)

Эске салсак, курултайга Кыргызстандын көрүнүктүү саясатчылары жана коомдук ишмерлери катышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх