Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Курултайдын уюштуруучулары өздөрү бийликке алып келген бир адамды гана «жанчып» жатышты»

Элдик курултайга чогулгандар үчүнчүкүчболуп кетпесе экен деген ойлор бар

Жалпысынан алганда, курултай өттү. Жарандар өз пикирлерин айта турган аянтча пайда болду. Мындай деген оюн м Vesti.kg сайтына иш чараны уюштуруучулардын бири Эмилбек Каптагаев билдирди.

- Ар кимдин өз пикири бар, анткени катышуучулар аябай көп болду, - деп белгилейт ал. - Ар ким өз ою менен барды. Чечим бирине жакса, экинчисине жаккан жок. Бирок жалпы жонунан курултай жакшы өттү десек болот. Мааниси ушул эле болчу, баарына жага албайсың да.

Эмилбек Саламатович курултайды аткаруу комитети уюштургандыгын кошумчалады, ал кийинки курултайды да чогултканга аракет кылат.

- Кийинки курултайды келээрки жылдын чын куран-бугу айларында өткөрүүгө ниеттенип жатабыз, - деп сөзүн аяктады ал.

Өз кезегинде жарандык активист Адиль Турдукулов өткөн иш чара тууралуу бир аз башкача көз карашта.

- Жалпысынан жакшы эле, элдер топтолду, өлкөдө болуп жаткан окуяга көңүл кош эмес экен жана бийлик да бул нерсени колдоп берди, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Бул бийликтин коомдогу сигналга кылган жообу деп түшүнсөк болот. Бирок менин бул курултайга коё турган дооматым, мурунку жана азыркы президенттин ишине бере турган баасында. Бул жерде кандайдыр бир саясий оюн барга окшоп калды.

Турдукулов курултай кимдир бирөөнүн тарабын албашы керек эле дейт.

- Курултай бир адамга каршы эле курал сыяктуу болуп калды, - деп түшүндүрөт ал. - Бирок ал жерде айтылганкээ бир сөздөргө мен макулмун. Кумтөр тууралуу, саясий куугунтук жегендерди бошотуу жана Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу сөздөргө кошулам. Бири бирине каршы чыгып жаткан тараптарды эсине келтирип кочу үчүнчү күч болот го бул курултай деген үмүт бар болчу. Бирок уюштуруучулар бир гана адамды «жанчып» туруп алышты. Анткени менен алар өздөрү Атамбаевди бийликке алып келишкен болчу. Алар муну унутуп калышканы менен, биз унутпайбыз да.
Жарандык активист курултайды такай өткөрүп туруу зарылчылыгын кошумчалады.

- Бул чалды-куйду эле чогулуш болуп калды, - дейт ал. - Бул парламенттин аткаруу бийлигинин үстүнөн көзөмөлдөө милдетин аткарбай жаткандыгы үчүн эле болду. Эгерде парламен өз милдетин аткарганда, курултай болбойт болчу.

Эске салсак, Бишкекте саясий жана коомдук бирикмелердин курултайы болуп өттү. Курултайга 400 ашуун киши катышты. Алардын арасында мурунку өкмөттүн мүчөлөрү жана жарандык активисттер бар болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх