Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар жокко эсе

Бишкекте «Аялдар,Тынчтык жана Коопсуздук» аттуу БУУнун 1325 резолюциясын аткаруу боюнча аялдар форуму өтүүдө

Форумга келген Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин өзүндө 19 гана аял депутат бар экенин айтышып, бул эл өкүлдөрүнүн 15 пайызын гана түзөрүн белгилешти. Парламенттеги эки фракцияда такыр эле аялдар жок экендиги белгилүү болду. Аялдардын, балдардын жана гендердик теңчилик маселесин жалаң өкмөттүк эмес уюмдар ишке ашырып жатканы бул жашоо чындыгы. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянованын айтымында аял жана балдар маселеси мамлекеттик органдар тарабынан көтөрүлгөнү менен бул багытта иш алып барган бир да мамлекеттик орган жок.

Жогорку Кеңештин депутаттары үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, жашы жете элек кыздарды никеге тургузуу боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендигин айтышты. Ал мыйзамдар толук кандуу иштеп жатабы же жокпу, ал маселе суроо боюнча калды. Парламент депутаттары гендердик теңчилик боюнча аракеттер жетишсиз деңгээлде болуп жатканын мойнуна алышты. Аялдардын динге болгон мамилеси боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары менен иштешибиз керек деп максат койгондугун айтышты.
Кара-Суу райондук кеңештин депутаты Авазкан Ормонованын айтымында бүгүнкү күндө ал жалгыз аял депутат. Аялдардын жергиликтүү кеңешке депутат катары тартылышы туурасындагы норма эч бир расмий документте көрсөтүлгөн эмес. Бул кемчиликти оңдоо боюнча маселе Жогорку Кеңешке мындан эки жыл мурун жөнөтүлгөн. Ушул убакка чейин аялдардан депутаттар көбүрөөк болушу боюнча маселе Жогорку Кеңештин трибунасынан бир да жолу көтөрүлүп айтылган эмес.

Форумдун жүрүшүндө аялдар лидерлиги, гендердик теңчилик, бала укугун коргоо, жогорку билим алуу, эмгек мигранттарынын балдары, мектепке барбай калган балдар, мыйзам тебелеп кылмышкер болгон өспүрүмдөр маселеси, сексуалдык зордук-зомбулукка туш болгон балдар, аймактардагы аялдардын абалы сыяктуу социалдык жактан маанилүү маселелер козголуп талкууланды.

Форумдун жүрүшүнө Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын кеңешчилери Ника Саееди жана Шармейн Родригес катышты. БУУнун «Аялдар, Тынчтык жана Коопсуздук 1325 резолюциясын» 2018-2020 жылдарда ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин планы талкууланды. Форум эки күнгө созулмакчы.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх