Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Пирматов: «Каттоого туруудан келип чыккан бюрократиялык тоскоолдуктар жоюлушу керек»

«Ички миграция жөнүндөгү» азыркы мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жатат»

2014-жылдан баштап мамлекеттик каттоо кызматы 16 жаштан жогорку жарандар туурасындагы маалыматтарды  бирдиктүү базага каттоо ишин баштаган. «Ички миграция жөнүндөгү»  азыркы мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жататИчки миграция жөнүндөгү" азыркы мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тегерек стол өтүп жатат.  

Ички миграция жөнүндөгү учурдагы иштеп жаткан мыйзам боюнча Кыргыз Республикасынын жараны учетто турган жерден башка аймакка көчүп кеткен болсо, ал, мамлекеттен алчу кызматтарды пайдаланууда айрым бюрократиялык тоскоолдуктарга кабыл болгону турмуш чындыгы.
Жарандын жер которуп жаңыдан каттоого туруусу түрдүү тактамаларды толтуруу, керектелчү расмий документтерди мурда жашаган жеринен алып келүү сыяктуу убаракерчиликтер талап кылынчу.
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун айтымында ал сунуштаган толуктоолор менен өзгөртүүлөр ички мигранттардын, жөнөкөй жарандардын пенсия, пособиени сөзсүз эле учетко турган жеринен эмес учурда жашаган жеринен эле эч токтоосуз алганга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы сунуштама боюнча бөлөк аймакка көчүп барган жаран онлайн түрүндө чөнтөк телефону аркылуу каттоого тура алат.Тегерек столдо жашаган жери белгисиз болгон адамдарды, соттолуп абакта отурган жарандарды каттоого алуу маселелери да айтылды.
Исхак Пирматовдун айтымында Өкмөт тараптан да жаңы мыйзам долбоору даярдалып Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Анда мурдагыдай эле бюрократиялык тоскоолдуктарга жол берген кагаз толтуруу машакаттары бар дешет адистер.
Депутат Исхак Пирматов сунуштаган долбоор боюнча буга чейин коомдук угуулар болуп, калк тарабынан колдоого алынган. Депутаттын айтымында бул толуктоолор менен өзгөртүүлөр жакынкы арада Жогорку Кеңештин  кароосуна коюлат.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх