Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ТИМ кыргыздардын кытай түзөтүү лагерлеринде бар, же жок экендигин али текшере элек

Бул факт боюнча биринчи коңгуроону депутат Дастан Бекешев какты

ТИМ Дастан Бекешевдин 300 этникалык кыргыздын кытай түзөтүү лагеринде имиш маалыматты текшерүү тууралуу катын окуй элек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына тышкы саясий мекеменин өзүнөн билдиришти.

- Азырынча эч кандай маалымат жок, - деп билдиришти ТИМден.

Түшүндүрө кетели, социалдык тармактарда, Кызыл-Суу автономиялык округунун кыргыздарын коргоо комитети баракчасында, мамлекет башчыга карата кытай түзөтүү лагерлеринде камалып калган этникалык кыргыздарга жардам берүү кайрылуусу пайда болду

Ал чыгарылышта камалгандардын арасында Кыргызстандын жарандары бар экендиги белгиленген. Чыгарылыштын автору президенттен Кытайдын ишине кийлигишүүнү суранбагандыгын, бирок этникалык кыргыздардын жана Кыргызстандын жарандарынын камалып калгандыгына кызыгууга акысы бар экендигин баса белгилейт.

Өз кезегинде депутат Дастан Бекешев журналисттерге бул маалыматтын так экендигин аныктоо өтүнүчү менен ТИМге кат жолдогондугун айтты.

«300 кыргыз кармалды деген маалыматтар бар. Маалыматтар ар жерде ар кандай. Мен ТИМден муну тактоону сурандым. Эгерде маалымат такталса, анда КЭРде жашаган кыргыздарга биздин жарандыкты жеңилдетилген тартип менен алуулары тууралуу нота жиберишибиз керек», - деген депутаттын сөзүн ЖМК келтирди.

Түшүндүрө кетели, тогуздун айында Кытай бийлиги уйгурларды түзөтүү лагеринин бар экендиги тууралуу документти жарыя кылышкан, деп билдирет Meduza.

Документте «кесиптик окутуу жана квалификациясын жогорулатуу борбору» лагерине - «экстремизмдин таасири астындагы» кишилер түшүп жатат деп айтылат. Алар кыргыздарды психологдордун жардамы менен жана идеологиялык окутуу менен кайрадан тарбиялоого аракет кылып жатышат деп айтышат кытай чиновниктери.
Бирок укук коргоочулар анда жашагандарды өз дининен баш тартууга мажбурлап, кытай лидери Си Цзиньпинге берилгендиги тууралуу ант бердирип жатышат деп ырасташат.
Документте экстремизм түшүнүгү кеңири түшүнүктү берет. Мисалы, алар балдарынын башка диндеги же улуттагы адамдар менен никеге туруусуна каршы болгон ата энелерди экстремист деп аташат.
Документте Синьцзяндагы тыюу салуулардын бар экендиги айтылат. Жергиликтүү тургундарга сакал коюуга, паранжы жамынууга, балдарга арап аттарын коюуга, алардын мамлекеттик иштерге кирип иштебөөсүнө жана адал нерселерди таркатпоосуна тыюу салынган. Ошондой эле ал жердин тургундары телевизор көрүп радиоугууга милдеттүү.
Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх