Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кожобек Рыспаев чет элдик инвесторлорду Кыргызстанда кен казууга чакырды

Жогорку Кеңештин отун энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети кен казуу тармагындагы көйгөйлөр боюнча чоң талкуу өткөрүп жатат

Тегерек столдо өлкөнүн тоо кен тармагынын учурдагы абалы, көйгөйлөр жана аны чечүү маселелери каралды. Тоо кен өндүрүшү Кыргызстандын экономикасынын артыкчылуу тармагы болуп саналат. Жер казынасын иштетүүдө жергиликтүү жашоочулар иш менен камсыз кылынат. Акыркы убактарды бул тармакта чоң көйгөйлөр чогулуп калган.
Кыргызстанда кен казып иштеген чет элдик компанияларга жергиликтүү эл каршы болгону менен алардын да мамлекетке болгон таарынычтары катуу экендиги айтылды. Тегерек стол учурунда кен казган чет элдик компаниялардын жетекчилери милиция,прокуратура, жана башка мамлекеттик органдар тарабынан негизсиз текшерүүлөр көп болуп жатканын айтышты.
Тоо кен тармагындагы көйгөйлөрдү жою үчүн мыйзамдарды кайра карап чыгып,реформа жасаш керектиги белгилееди. Учурда тоо кодекси иштелип жатканы маалым болду. Ал документке ар бир инвесторго түшүнүктүү боло турган геология жана тоо кен тармагындагы бардык укуктук-нормативдик актылар киргизилээри айтылды.
《Тоо кен тармагынын өнүгүшү үчүн чет элдик чоң инвесторлор келиш керек》-дейт Кожобек Рыспаев. Тегерек стол учурунда инвесторлорду Кыргызстандын тоо кен тармагына алып келүүнүн шарттары, жер казынасын пайдалануунун мыйзамдуулугу боюнча пайда болгон суроолор менен ой-пикир,сунуштар ортого салынды. Негизги көңүл жер казып кен издеген чет элдик компаниялар менен жергиликтүү калктын ортосундагы мамилеге бурулду. Бул маселенин алкагында кен казылып жаткан аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү үчүн компаниялар тарабынан төлөнүп жаткан 2 пайыз салык төлөмү жөнүндө да кенен сөз болду.
Тегерек столдун аягында жер казынасын пайдалануучулардын ишмердигин жакшыртуу багытында мамлекеттик органдардын аракеттерин бириктирүү боюнча резолюция кабыл алынды. Кожобек Рыспаевтин айтымында бул резолюцияга кошо тиркелген иш-чаралардын планы парламенттик комитетте каралат жана аларды аткаруу үчүн Өкмөткө жиберилет.

 Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх