Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмазбек Атамбаев ЖЭБ курулушунун баасы тууралуу калп айттыбы?

Ал келтирген цифралардын чындыгында көп айырмасы бар

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атмабаев 2018-жылы 16-жетинин айында «Апрель» телеканалына берген интервьюсунда калп айткан. Factcheck.kg басылмасы ушундай деген жыйынтыкка келди.
Тактап айтканда, Кыргызстандагы ЖЭБ реконструкциясынын Өзбекстанга, Тажикстанга жана Казакстанга салыштырмалуу арзан болгондугу тууралуу кеп болуп жатат.
«Мисалы, коңшуларды алалы - Өзбекстанды, - деди КСДПнын лидери өз интервьюсунда. - Төрөкоргон ЖЭБи - 2,44 млн. 1 МВТ бүткөн. А бизде болсо 1 МВт 1,28 млн. долларга бүттү. Дээрлик эки эсеге арзан курдук». Factcheck мунун баары калп экендигин тастыктап берет. Анткени uzbekenergo.uz сайтында 1 МВт чыныгы баасы - 0,832 млн. доллар. «Акырына чейин бүтүрүп берүү шартындагы баа 749 млн. АКШ долларына барабар. 1 МВт - 0, 832 миллион долларга барабар», - деп к-рсөтүлгөн сайтта.

ЖЭБ тууралуу теманы улай, Атамбаев Тажикстандагы жылуулук электрборборунун курулушу Кыргызстандыкынан бир аз кымбат болгондугун ата кетти.

«Тажикстанда, Душанбеде - 1,32 млн. аны да ТВЕА курган», - дейт ал өз интервьюсунда. - Бул жерде да элдерди адаштыргысы келет, Душанбеде эки этап менен курулган, а бул болсо бир этап деп алдагысы келип жатат. Бирок эки этапты бир кылып алганда бир аз кымбат болушу мүмкүн. Бирок Тажикстанда бул долбоор менен ТВЕА компаниясы эки алтын кенин ишке киргизип берди. бул өтө маанилүү нерсе да.
Бирок «Тажикэнерго» компаниясынын сайтында (ОАХК «Барки Точик) экинчи этаптын гана баасы тууралуу маалыматтар бар, анда кубаттуулугу 300 МВт болгон казанагрегаттарды курушкан. »

«Тажикстандын парламентинин төмөнкү палатасы Тажик өкмөтү менен Кытай банкынын ортосундагы жеңилдетилген кредиттик келишимди ратификациялап берди. Кытай банкынын долбоору боюнча «Душанбе ЖЭБ-2 курулушунун экинчи этабы» башталат», - деп айтылат ал документте. бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Кытайдын «Эксимбанкы» 331,5 миллион доллар бөлгөн.

Ошондо, бир МВт тын баасы экинчи фазанын курулушунда - 1, 103 млн. доллар болгон 1 МВт үчүн.
Алтургай биринчи фазанын баасын алганда деле (100 МВт кубаттуулукта 178 миллион доллар - булак «Радио Озоди»), Атамбаев сунуштагандай биз 1,27 млн. доллардан 1 МВт алсак (331,5 млн. кошобуз 178 млн. аны 400 МВт кубаттуулугунун суммаысна бөлөбүз). Ошондо да Атамбаев айткан суммадан аз болуп жатат (1,32 млн. доллар).

Эки кенди ишке киргизүү укугуна ал акчанын бир бөлүгү кирген эмес, деп эскертет Factcheck. Башкача айтканда, басылма түшүндүрүп бергендей, ТВЕА ЖЭБди өз акчасына курду, бирок бирок акысын алтын кенди иштеткендеги пайдадан алат.

«Эске салып коёлу, кытай компаниясы Душанбедеги ЖЭБ-2 курулушунун акысына жогоруда айткан кенди иштетүүгө укук алган», деп жазат бул туурасында «Радио Озоди».
Ал эми Карагандыдагы ЖЭБ-4 жана ЖЭБ-3 Семей 1 МВТ курулушу чынында эле 2 миллион долларга кымбат турат

Атамбаевдин ЖЭБ курулушу боюнча келтирген сандары, Кыргызстандагы бул жааттагы иште көп эмес чыгымдарды салыштырмалуу көрсөтүшү керек эле.
«Бишкектеги 1 МВТ ЖЭБ курулушу коңшуларга караганда эки эсеге арзан түштү», - дейт ал интервьюсунда.

Бирок ачык булактардын маалыматтарын эске ала турган болсок, бул тактоо чындыкка дал келбестигин билүүгө болот.
«Алмазбек Атамбаев Өзбекстандагы жана Тажикстандагы ЖЭБдердин баалары боюнча калп айтты, бирок Казакстан боюнча чыныгы сандарды айтты, дейт Factcheck. Ошоентип, экс-президент ЖЭБ курулушунун коңшулардыкына караганда эки эсе арзан бүттү деген сөзүнө жооп бере албайт. Баарына эмес бир гана Казакстандын ЖЭБи туура келет».

Булак
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх