Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Курсан Асанов: Прокурорду өлтүргөнгө шектүүнү урганга милиционерлерде себеп болгон эмес

ИИМнин башчысынын орун басарынын сөзү боюнча, өлтүрүү ачыкталды жана бардык далилдер бар

Облустук прокурорду өлтүрүүдө шектелген адамды уруунун милиционерлер үчүн зарылчылыгы жок болчу. Бул туурасында Vesti.kg сайтына ички шитер министринин орун басары Курсан Асанов билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунун ИИБ кызматкерлери кармалган ККБ началтниги Мелис Калыковду ургандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт.

- Мен шектүүнүн туугандарын түшүнөм, - деп белгиледи Курсан Сатарович. - Ал, көрсө, жалгыз уул турбайбы, аны эптеп сактап калгылары келип жатышат. Бирок бул жакта киши өлдү да. Бизге эмне кереги бар күнөөсүз адамга күнөөнү жүктөп? Эгерде жакшылап ойлонуп көрсөңөр, аны уруунун кажети жок да. Эгерде кылмышкер бир айлап качып жүргөн болсо башка кеп эле. Бул болсо ошол эле күнү кармалды. Бардык далилдерди табышты.

ИИМдин башчысынын орун басарынын сөзү боюнча, кылмыш ишин иликтөө калыс болот.
- Мен өзүмдүн атымдан убада берем, тергөө калыс, таза болот, мен кармалган адамдын туугандарынын сезимдерин туура түшүнөм, -деп сөзүн аяктады генерал Асанов.

Эске сала кетсек, Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун ушул жылы 18-жетинин айында жансыз денеси табылган.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх