Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин комитети экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзам долбоорун жактырды

Документти парламенттин кароосуна жөнөтүштү

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер менен регламент боюнча комитети экс-президенттин кол тийбестигин алуу тууралуу мыйзам долбоорун жактырды.

Комитеттин бардык мүчөлөрү мыйзамдын концепциясын жактырышты, депутаттардын эч кимисинде суроо пайда болгон жок. Документ парламенттин кароосуна жөнөтүлдү.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» түзөтүү киргизүү демилгесин депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушевдер көтөрүшкөн. Түзөтүүнүн авторлору экс-президенттин кол тийбестигине кепилдик берген 12-берене Конституцияга каршы келет деп эсептешет.

Баш мыйзамда жарандардын баары мыйзам алдында бирдей экендиги жазылган. Мыйзам долбоор менен «КР президентинин ишмерүүлүгүнө кепилдик тууралуу» мыйзамдын 12-беренесин алып салуу керек.

Тогуздун айынын башында Жогорку соттун Конституциялык палатасы юрист Нурбек Токтакуновдун доо арызын канааттандыруу чечимин кабыл алып, экс-президенттин кол тийбестиги конституциялык эмес деп таанышты.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх