Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргыз темир жолундагы» коррупцияны жарыя кылган кызматкер өз өмүрүнөн кооптонот

Алия Асанбаева кесиптештеринин аны баңги зат менен атайылап карматып коюсунан коркуп, жумушка чыкпай жатат

«Кыргыз темир жолунун» кызматкери Алия Асанбаева мурда ишканадагы коррупцияны жарыя кылган болчу, эми ал өз өмүрүнүн коопсуздугунан коркуп ишке чыкпай жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Ал аял КТЖ коштоочулары белетсиз жүргүнчүлөрдү ташыганды улантып жаткандарын белгиледи.

- Аяк оона айынан бери жумушка чыга элекмин, каржылоосуз өргүүгө чыккам, анткени өмүрүмдүн коопсуздугунан корком, - дейт Асанбаева. - Менин арызыма жетекчилик жөн эле кол коюп, ошону менен менен менин иш ордумда коопсуздугума кепил боло албастыгын билдирген.

Айгүл Асанбаеванын сөзү боюнча, ал коррупцияга аралашкан кызматкерлердин атын угузгандан кийин, аны коркутуп, үркүтүүлөр башталды.

- Коркутуулар болду, алтургай ЖМКга да жазышты, мен маң заттарды ташыйт имишмин, - деди ал. - Бул деген жол да, ар нерсе болуп кетиши мүмкүн. Мүмкүн өздөрү карматып коюп, анан мына айтпадык беле деши да толук ыктымал. Мен корком. Алардан баарын күтүүгө болот.

эске салсак, коррупция фактысы боюнча, «Кыргыз темир жолу» ишканасында транпот прокуратурасы кылмыш игин козгогон. КР КК 173 беренеси (ишенимден пайдаланым, алдап мүлктүк зыян келтирүү) жана 221 беренеси (коммерциялык жана башка ишканалардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынан ашыра пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх