Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Цирктин мүдүрү: Мен Жогорку Кеңешке кирип чыккандан кийин үйгө араң жеттим

Курмангазы Исанаев ага карата айтылган сын кимдир бирөөнүн берген буйрутмасы болсо керек дейт

Кечээ Жогорку Кеңештин социалдык маселе, билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо боюнча Комитетинин жыйынында депутат Аида Касымалиева Мамлекеттик цирктин директору Курмангазы Исанаевден 2017-жылы бештин айынан берки түшкөн каражат тууралуу сурады. Комитет артисттердин чатыр, жылуулук, цирктин бөркү тууралуу арыздарын караган. Ошону менен бирге эл өкүлү Исанаевдин бул маселени кароону күн тартибинен алып салууга кылган аракетин да угузуп салды.

- Депутат айтып жаткан көрүнүш он төрт жыл мурунку факт, - деди Vesti.kg сайтына Кыргыз мамлекеттик циркинин мүдүрү Курмангазы Исанаев. - Мамлекеттик цирк ошондой акыбалда калып калганынан улам жеке жактарга берилген болчу. Мени болсо циркке соттошкону, эгерде керек болсо чабышканы жөнөтүштү. Эптеп циркти мамлекетке кайрып ал дешти. Мени директорлор Кеңеши ошондой тапшырма менен жиберишти. Ал эми кечээ жыйында болсо, ошондогу цирктин көрүнүшүн бүгүнкүдөй кылып айтышты. Ал 2004-жылы болгон. Ал мезгилде баарын уурдашып, батареяларды алышып, бизде таптакыр эч нерсе калбай калган. Цирктин ичкери жагын оңдоого бизге 33 млн. сом каражат керек эле.

Курмангазы Жусупказиевич депутаттын бул маселени талкуулоону күн тартибинен алдырып салууга аракет кылды дегенине да жооп кылды.

- Касымалиева өтө эле берилип кетти, - деп баса белгиледи ал. - Алар бул маселени талкууга алып чыгаардан мурункелип, баары өз жайында экендигин көрүп кетишсе болмок. Мага жума күнү чалып, дүйшөмбүдө менин ишмердүүлүгүмдү Жогорку Кеңештин комитетинде карашаарын айтышат. Тартип, регламент деген бар го.

Цирктин мүдүрү айтылган сөздүн баары буйрутма дейт.

- Арыздар балким мурда иштеп кеткендерден түшүшү мүмкүн, - деп улантат Исанаев. Алар кыйын кезеңде жыйыштырынып кетип калышкан, биз менен калып патриоттуулугун көрсөтүшсө болмок да. Ал учурда штаттык кыскаруулар болуп, каржылоо токтотулган. Алардын бири - Манат Эшимбеков - алты жыл мурун одоно эреже бузгандыгы үчүн иштен кеткен. Ал өзүнүн бийчилери менен сегиз ай бою чөнтөгүнө гана иштеди. Ушул нерседен кийин албетте мен аны иштен кетирдим. Ал эми экинчиси - Темиркул Мамбетов, бул жерде жалпы маселе боюнча менин орун басарым болчу. Ал иштеген эки жыл ичинде жумушка жүз жолудан ашыгыраак гана келди. Былтыр анын келишими бүтүп калганда мен аны узартканым жок, анткени анын ден соолугу жол бербейт болчу. Ошондон баштап ал сотко бара баштады. Ушул адамдар азыр кырдаалдан пайдалангылары келишти. Менимче, бул буйрутма.

Сөзүнүн аягында Курмангазы Исанаев жыйындан кийин анын акыбалы оорлошуп кеткендигин билдирди.

- Мен кечээ акыбалым жаман болуп, үйгө араң жеттим, - дейт ал.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх