Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Паспорттогу улут графасы - титулдук улутка болгон сыйлоо»

Болуп өткөн курултайдын катышуучулары президентти өлкөнүн патриоту катары, туура чечим чыгарат деген ишенимде

«Улут» графасын Кыргызстандын жарандарынын паспортуна кайрып берүү, титулдук улутка болгон сый-урмат үчүн керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы омбудсмен Турсунбек Акун билдирди.

- Бул жөн эле пикир эмес, курултайда ушундай деп чечилген, - деп баса белгиледи ал. - Мурда эле ушул графаны алып салабыз дешкенде биз каршы чыкканбыз, бирок бизди укпай коюшкан.Бирок бүгүнкү күндө бийлик буга жооп чара көрүш керек. Менин оюмча, Сооронбай Жээнбеков чыныгы кыргыз катары, өлкөнүн патриоту катары бул маселени чечет деп ойлойм. Бизди башка улуттар, Кыргызстандын башка да жашоочулары туура түшүнөт деген ойдомун. Бул жерде улуттук азчылыкты кемсинткен эч ким жок. Бул деген титулдук улутка болгон сый-урмат, биз мамлекеттүүлүктү түзгөнбүз.

Өз кезегинде жарандык активист Адиль Турдукулов ушунча көп каражат коротуп графаны алып салгандан кийин, аны кайра кайтаруунун кажети жок дейт.
- Эгерде мамлекеттик органдар ушунча акча коротуп атып ошого барышса, демек бул маселеге кайрылуунун кажети жок, - деп түшүндүрөт ал Vesti.kg сайтына. - Анын үстүнө мындан да маанилүүрөөк маселелер толтура. Анын үстүнө өзүнүн улутун көрсөтүү жарандардын өз эрки, эч кимди зордоого болбойт.

Эске салсак, Бишкекте саясий жана коомдукуюмдардын курултайы болуп өттү. Иш чарага 400 ашуун киши келди. Алардын арасында азыркы жана мурунку депутаттар, мурдагы өкмөт мүчөлөрү жана жарандык активисттер болушту. Катышуучулар кабыл алган резолюцияда «улут» графасын кайрып берүү пункту да бар.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх