Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү: Жогорку Кеңеш өкмөттүн мыйзам долбоорун сынга алды

Депутаттар күн тартибинен документти алып салышты

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү тууралуу» мыйзам долбоорду четке кагууну сунуш кылды. Эл өкүлүнүн сөзү боюнча, бүгүн биринчи окууда карала турган мыйзамдын долбооруна өлкө муктаж эмес.

- Мен комитетте бул мыйзам долбоорду жокко чыгарууну сунуштагам, - деди Асылбаева. - Анткени силерде бул документтин азыр зарыл экендигине далилдер жок болчу. Алтурсун силерде баалай турган ишмердүүлүк тууралуу да мыйзам жок. Обьекттерди тизмелөөнү жүргүзгүлө. Силер алтургай ушул мыйзам эмнеге алып келээрин да билбейсиңер.

Мыйзам долбоордун докладчысы, экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров депутаттын айткандарынын бир бөлүгүнө гана макул болот.
- Биз долбоордун концепциясына колдоо сурайбыз, анткени мыйзам эскирди. Эгерде сунуштар болсо, биз угууга даярбыз, - деп жооп берди Чиновник депутатка.

Мызам долбоорду четке кагуу сунушу менен депутаттар Айтмамат Назаров менен Кожобек Рыспаевдер сөз сүйлөштү.

Назаров парламенттин алдында ушул мыйзам долбоор үчүн эсеп берүү министрдин өзүнө зарыл экендигин белгилеп кетти.

- Министрлер орун басарларынын аркасына бекинип, аларды бизге жиберип жатышат. Өздөрү келип, киргизе турган мыйзамдын долбооруна эсеп берсин, - деп ачууланды депутат.

Жыйынтыгында «Мамлекеттик мүлктү менчиктөө тууралуу» жана «Мамлекеттик мүлк маселеси тууралуу кээ бир мыйзам актыларына -зг-ртүү киргизүү» мыйзам долбоорлорун күн тартидинен алып салышты жана толук иштеп чыгаруу үчүн кайтарышты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх