Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Прокурорлор Атамбаевдин резиденциясына кирип, мүлкүн текшере албастыктарын моюндарына алышты

Ошондуктан Башпрокуратура текшергенге аракет да кылбай, материалдарды УКМКга өткөрүп берди

Башпрокуратура Алмазбек Атамбаевдин мүлкүн текшербей, бардык материалдарды УКМКнын коррупцияга каршы кызматына өткөрүп берди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына көзөмөл органынын өзүнөн билдиришти.

Түшүндүрө кетели, жарандык активист аял Калича Өмүралиева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына, Башпрокуратура Атамбаевдин курулган дачасы мыйзамдуубу деген суроого жооп бере албайт деп жазды.

«Бүгүн Башпрокуратурадан Атамбаевдин дачасы тууралуу биздин арызыбызга жооп келди, - деп түшүндүрөт чыгарылыштын автору. - Алар шаарга жөнөттүк деп жазышты. Биз көпкө чейин желкебизди кашып турдук. Бирок шаардык пророкуратурадан коңгуроо болуп, материалдарды УКМКга өткөрүп беребиз дешти, анткени алар резиденцияга кире алышпайт экен. Бул бизге андан да таң калыштуу болду. Анткени Башпрокуратура мамлекеттик органдардан документти талап кылууга тийиш да. Алар резиденцияга кирип эмне кылышат? Кантип эле алар буга резиденциядан жооп алышат? Мыйзам боюнча Башпрокуратура бардык аткаруу органдарын суроого укуктуу. Бул эмне тамашасыбы!».
(орфография жана пунктуация бузулбай сакталды)
КР БП Атамбаевдин мүлкүн текшерүү тууралуу арыздар Башпрокуратура тарабынан текшериле тургандыгын кошумчалады.
- Биз маалыматка реакция гана кылабыз, ал эми иликтөө менен УКМК алектенет, - деп сөзүн аяктады мекемедегилер.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх