Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«КСДП Атамбаевсыз» конференциясында Ирина Карамушкина жаңжал салып жатат

«Атамбаевсиз КСДПга чогулгандар болгону бир ууч адамсыңар» деп Ирина Карамушкина 250гө жакын делегат чогулган конференцияга тоскоол кылууга аракет кылып жатат

КСДПнын Бишкектеги Свердлов райондук делегаттары чогулган конференцияга Ирина Карамушкина келип, делегаттардын партиялык билетин текшерүүгө алган. Делегат Бурулча Байгожонова Карамушкинанын өзүнүн документин сураганда ал эч нерсе көрсөтпөдү. Конференциянын башында Сагынбек Абдрахманов жөнүндө видео тасма көрсөтүлүп, анда КСДПнын катарынан 2017-жылдын жай айларында чыгарылгандыгы туурасында маалымат берилди. Андан соң Бишкек шаардык конференциясына делегаттарды шайлоо маселеси каралмакчы. Президиумга «КСДП Атамбаевсыз» идеясынын автору Сагынбек Абдрахманов жана экс-депутат Данияр Тербишалиевтер чакырылды. Ирина Карамушкинага орун табылбай, эл ортосуна туруп конференциянын жүрүшүн ал чөнтөк телефонуна тартып жатат. Конференциянын максаты республиканын бардык аймактарында «КСДП Атамбаевсыз» ураанынын алдында партиянын райондук, облустук кезексиз конференцияларын өткөрүү, партиянын кезектеги съездин чакыруу, партиянын саясий кеңешиндеги жана татыксыз адамдардан арылуу деп билдиришти. Сагынбек Абдрахманов сүйлөп жатканда Ирина Карамушкина залдан «Сен окуган партиянын жобосу эски жобо» -деп кыйкырып, жаңжал чыгарууга аракет кылды. КСДП партиясынын мүчөлөрү келгендерди документин текшерип киргизип жатат. Эшик оозунда конференцияга кире албагандар да турушат. Карамушкина эшик алдына барып жаңжал чыгаруу аракетинде кыйкырып, ар ким менен урушуу аракетин көрүп жатат. Конференция соңунда каралган маселелер боюнча резолюция кабыл алаары маалым болду.

Акылай Рахматулла

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх