Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Саткын, арам тамак!». «КСДП Атамбаевсиз» жыйынындагы жаңжал (видео)

Депутат Ирина Карамушкина урушуп кетип, конференциядан чыга качты

Бишкектин мейманканаларынын биринде өтүп жаткан «КСДП Атамбаевсиз» жыйынында, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина карамушкина аталган кыймылдын катышуучулары менен урушуп кетти.

Иш чаранын жүрүшүндө «социал-демократ» Сагынбек Абдрахманов алар Карамушкина экөө кыйын кездерде бирге болгондугун айтып, партиянын уставын окуп коёюн дегенде анын сөзүн эл өкүлү бөлдү.

- Бул эски устав, ал эми жараксыз! Муну эмнеге угуп атасыңар! Бул силерди алдап атат! - деп кайрылды ал чогулгандарга.

Ушундан соң Ирина Юрьевна керкейип залдан чыгып кетти, бирок коридордон туруп алып: «Саткын, арам тамак!», деп кыйкырганга үлгүрдү.
- Биздин партиядан колуңарды тарткыла, мандатсыздар! - деди ал «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын мүчөлөрүнө кайрылып.

Зулайка Эркимбаева
Медина Купсулдаева
Vesti.kg сайтынын сүрөтү

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх