Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Данияр Тербишалиев: Атамбаевдин катчылары жана айдоочулары азыр мультимиллионерлер (видео)

Экс-депутат Сооронбай Жээнбековго арка бел болуп, колдошубуз керек деп билдирди

Экс-президент Алмазбек Атмабаев саясаттан кетиши керек. Бул туурасында бүгүнкү «КСДП Атамбаевсиз» деген жыйында Жогорку Кеңештин мурдагы КСДП фракциясынын депутаты Данияр Тербишалиев билдирди.

- Ал саясаттан кетиши керек, партияны жана элди экиге бөлүп жатат, - деп белгиледи Тербишалиев. - Ал өз каалоосу менен партиянын лидерлигин тапшыруусу керек. Ошондо биз толугу менен демократиялык өлкө болобуз.

Мурдагы депутат партиянын ичиндеги жарака Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи.

- Бул жараян биздин өлкөдө биринчи жолу болуп атат, анткени бизде демократия, - деп баса белгиледи ал. - Ошондуктан биз Жээнбековго арка бел болуп, колдошубуз керек.

Сөзүнүн аягында Тербишалиев эксөпрезиденттин жакындары тууралуу катышууч

- 20 жылдан бери партияны ким башкарды? Атамбаев «мультимиллионер» деген сөздү кайталаганды жакшы көрчү. Кимдер азыр мультимиллионерлер? Атамбаевдин катчылары жана айдоочулар, - деп сөзүн аяктады ал.

Сөздү «Түндүкэлектро» ААК мурунку директору Тынчтык Токтогулов алды. Ал Алмазбек Атамбаевди мамлекет башчы кылып дайындоо катачылык болгон деди.

- Биз аны президент кылып шайлап, катачылык кетирдик, - дейт ал. - Ушул биздин күнөөбүз. Атамбаевдин ички дүйнөсүнүн таза болбогондугуна байланыштуу, ал биздин партияда болбошу керек. Ошондуктан «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы туура.

Өз кезегинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурзат Осмонова мамлекет башчынын бүгүнкү алган багытын колдоого чакырды.

- Кыргызстандын ар бир жараны, улутуна, диний ишенимине жана расасына карабай бүгүнкү күндө мамлекет башчыбыз алган багытты колдошу керекң, - деди ал. Ушул себептен мен сиздер менен биргеликте өз позициябызда аягына чейин турабыз деп ишенем.

Зулайка Эркимбаева
Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх