Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Борбордук Азия Кытай менен Европаны байланыштырчу аймакпы?

«Бир аймак, бир жол» аттуу эл аралык конференцияга Борбордук Азия өлкөлөрүнөн саясат таанычулар,дипломатиялык академиянын өкүлдөрү келишкен

«Жибек Жолу» долбоорунун программаларын колдоочу аналитикалык жана эксперттик борбору Кыргызстандагы Ф.Эберт фонду менен биргеликте Борбордук Азиядагы мамлекеттик башкаруу адистерин, Жогорку Окуу жайлардын эл аралык мамилелер факультеттеринин мугалимдерин,элчиликтердин өкүлдөрүн, илимий кызматкерлерди, саясат таанычуларды жана серепчилерди чакырып, Кытайдын кызматташууга болгон чакырыгынын үстүндө талкуу жүргүзүштү.

Айрымдары «Кытайдан коркпош керек,кызматташып, экономикалык жактан мамиле кыла бериш керек»-дешсе, башкалары бир жарым миллиард калкы бар Кытай менен этият мамиле кылуу керектигин эскертишти.

Саясий серепчи Шерадил Бактыгуловтун айтымында Азия өлкөлөрүндө ажыдаар бул жаман,оозунан өрт чыгарып тегерегин өрттөгөн терс мүнөздөгү образ катары сыпаттап,жаман көрүшөт. Ал эми Кытайлыктар үчүн ажыдаар ыйык,жакшылык алып келчү жаныбар катары саналат. Валентин Богатыревдун пикиринде Борбордук Азия өлкөлөрү Кытайдан көп нерсени үйрөнүп, тыгыз мамилеге барыш керек. Ал Кытайдын жогорку окуу жайларынан билим алгысы келген жаштардын саны жыл сайын көбөйүп жатканын айтып, кыргыз-кытай мамилесинин түзүлүшү кайра каралып чыгышы керектигин билдирди.

Богатыревдун айтымында Казакстан менен Кытай түзгөн мыкты мамилелердин жыйынтыгы болуп эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү эбегейсиз чоң суммага жеткен.Каззактарды мисал келтирип жатып Валентин Богатырев кытайлар алардын коммуникация тармагын жана айыл-чарба өндүрүшүн чоң суммадагы каражатка каржылаганын айтты.

Тажикстандан келген Рустам Хайдаров Илимдер Академиясынын политология бөлүмүн жетектейт.Ал өз докладында Тажикстан менен Кытайдын ортосунда түзүлгөн кызматташуудан көптөгөн ири долбоорлор ишке ашып жаткандыгын айтты.
Кытайдан алган карызы үчүн Тажик бийлиги Бадахшанды Кытайга расмий түрдө өткөрүп бергени маалым. Бул туурасында Рустам Хайдаров ооз ачкан жок.

Өзбекстандан келген Фарход Толипов «Үч держава,Борбордук Азиядагы үч стратегия» темасында баяндама жасап,Европа Борбордук Азияны Жибек Жолу призмасы аркылуу карагандыгын айтты. «Ал үч державанын саясаты кандай? Ушул убакка чейин бул суроого эч ким ынанымдуу жооп бере албай келет.Бул жагдай ар бирибизди белгисиздикке курчап алды»-дейт Фарход Толипов.
Кытайдын «Бир аймак,бир жол» чакырыгына саясат таанычулар менен саясий серепчилер эртең да жооп издеп көрүшөт.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх