Кытайдын бардык эле товарлары Кыргызстанда кала бербейт. Бирок аткезчилик баары бир болуп жатат
«Бажы биздин өлкө аркылуу тымызын жол менен арам акчаларды түшүрөт. Бул жаатта эч качан таза иш болбойт»
Кытайдын Кыргызстанга кирген импорту тууралуу маалыматтардагы айырма, товарлардын бир бөлүгү биздин өлкө аркылуу башка өлкөлөргө кеткендиги менен түшүндүрүлөт. Ошондуктан алар биздин эсепке кирбейт. Бажы кызматындагылар 20 жылдан бери «эсептелбеген» 50 млрд долларды ушундай деп түшүндүрүштү депутат Эльвира Сурабалдиевага.
«Бажынын төрагасынын орун басары комитетте Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы бир нече миллиард айырма товарлардын бизден ары Казакстанга жана Өзбекстанга кетиши менен байланыштуу деди, - деп жазат депутат өзүнүн Twitter де. - Биз айланабыздын баарын күнөөлөп жүрө беребизби».
Белгилей кетели, мурда REGNUM агенттиги миллиарддар тууралуу маалыматты жарыя кылган болчу. Түркиядан жана Кытайдан келген импорт товарлар кассадан өтпөй кетишкендигин айткан. Экономика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов
Vesti.kg сайтына кытай өнүмдөрүнүн транзити коңшу өлкөлөргө өтүшү толук мүмкүн. Бирок бул багытта аткезчиликтин жоктугу дегенди билдирбейт деп белгиледи ал.
- Баары ошол бажыдагылар айткандай болушу толук мүмкүн, анткени биздин өзүбүгө андай көлөмдөгү товардын кереги жок да, - дейт ал. - Бирок Казакстанга биз аркылуу товар алып өтүүнүн эмне зарылчылыгы бар деген суроо туулат. Алардын Кытай менен өздөрүнүн жолу бар го чектешкен. Бул жерде да тумандуу маселе жатат.
Кыргыз Республикасынын аймагына кытай продукциясын жөн эле алып кирбейт алар, алар бул жерден товарга Кыргызстандын өндүрүшүнөн чыккандыгын көрсөтө турган документ жасашат. Ишкерлерге ЕАЭБ аймагына ошол уюмга мүчө мамлекеттин товарын алып кирүү оңой да. Ага мүчө болгондор үчүн пошлина да бир канча төмөн.
- Ал эми биздин бажы кудум ушул жерден акча иштейт, - дейт экономист. - Мындай ири суммага башка түшүндүрмө болушу мүмкүн эмес. Муну менен күрөшүү кыйын болсо да ишке ашыруу керек. Бирок тутулбаган, ууру эмес дегендей, бул жаатта эч качан таза иш болбойт.
Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты Кыргызстандын элитасы аткезчиликти жаап, жашырып, мамлекетке миллиарддаган чыгым алып келип жаткандыгы тууралуу маалыматты берген эле.
Эл аралык соода борборунун сайтындагы соода статистикасы боюнча, 20 жыл ичинде Кытайдын Кыргыз Республикасы менен болгон соодасындагы отчеттордун айырмасы 50 миллиард долларды түзгөн.
Түркиядан келген ипморт жергиликтүү бажынын маалыматында 1,129 млр. болсо, түрктөр 2,968 млрд. дешет.
АКШдан Кыргызстанга келген товарлардын айырмасы да байкалаарлык. Бирок тескерисинче. Башка бир өлкөдөн сатылып алынган товар америкалык деп сатылат. Декларациясын да ошондой толтурушкан.
Ольга Федорчук
сүрөт www