Бул нерсе Текебаевди чыгарууга түрткү бериши керек...
Ал алыстан жалгыз келди. Аянтта Текебаевди колдоп турду (сүрөт)
Ак Үйдүн алдында «Конституциянын атасын» колдоп жалгыз киши турду.
Бүгүн Ак Үйдүн имаратынын жанында жупуну гана нааразычылык акциясы болду, ал жалгыз Өндүрүш Токтонасыровдун сөз сүйлөп чыгуусу эле.
Аянтка саясий камактагылардын тарапташы Жалалабат шаарынын тургуну Мухаммед Мамбетбаев чыкты. Ал Vesti.kg сайтына Бишкекке атайын ушул акцияны өткөрөм деп келгендигин айтты.
Анын сөзү боюнча, президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевди жана Садыр Жапаровду акташы керек.
- Мен бул кишилердин күнөөлүү эмес экендигине ишенем, - деп билдирди нааразы болгон киши. - Аларды бошотуу керек. Бул саясатчылар чыныгы мекенчилдер, биздин өлкөгө чоң салым кошту, эл үчүн күйдү.
Элдердин көңүлүн буруу үчүн Мамбетбаев төмөкүчө сөздөрү бар баннер даярдаптыр:
«Сооронбай Шарипович, Биз сиздин кудайга ишенгендигиңизди билебиз. Сизден камактагы күнөөсүз адамдарды бошотууңузду суранам».
Бул нааразычылык акциясы Ак Үйдү ойго салдыбы, же жокпу белгисиз.
Зулайка Эркмбаева
Сүрөт Vesti.kg