Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттин жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери, кредиттеринин бир бөлүгүн кечүүнү суранышат

Баары мыйзамдуу. Бир гана суроо жаралат: мамлекет бюджеттик каражаттарды ушундай кылып чачканга даярбы?

Президенттин жана өкмөттүн аппаратында иштеген кызматкерлер кредиттин пайызын 8% чейин төмөндөтүүнү суранышат. Үч жыл мурун алар турак жай кредитин 12% менен алышкан, деп билдирет депутат Алмасбек Акматов («Бир Бол»).

Депутат айткандай, 2015-жылы президенттин жана өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери көп жылдык кезекке туруунун негизинде «Росинбанктан» турак жай кредитин 12% менен, эконом-класс батирин ремонтсуз сатыр алуу үчүн алышкан.
Бирок азыр Мамлекеттик күрөө компаниясы ал кредиттерди 8% менен берип жатат.

« «Росинбанк» КРУБ башкаруусунун астына өткөндүгүнө байланыштуу, алар кредиттерин 8% түшүрүп берүүнү суранышат. Мамлекеттик күрөө компанияларында ушундай пайыз менен берилип жатат, - деди депутат. - Президентке кат жөнөтүлдү, өз көзөмөлүнө алууну суранам».
Өз атын атагысы келбеген КРУБ мурдагы жетекчилеринин бири Vesti.kg сайты менен болгон аңгемесинде чиновниктердин бул суранышын «чектен чыккан бейбаштык» жана өтө одоно каржылык тартип бузуу деп атады.

- Алар кимдин эсебинен өздөрүнүн кредиттеринин бир бөлүгүн жойгону жатышат экен? - деп суроо салат ал. - Улуттук банктын эсебиненби? Башка салык төлөөчүлөрдүн эсебиненби? Бул туура эмес.

Экономист кредиттин көп пайызынан аз пайызга өтө турган толуп жаткан башка ыкмалар бар, аны мамлекеттин эсебинен кылууга жарабайт. Анын сөзү боюнча, бул үчүн кайракаржылоо жана кайра кредиттөө процедуралары бар, ошол кымбат кредит үчүн кардар арзаныраак төлөө үчүн жасалат. Бирок айырмасын баары бир өздөрү төлөшөт.

Экономика маселелери боюнча эксперт Азамат Акенеев азырынча чиновниктер эч кандай мыйзам буза электигин белгиледи.

- Ар бир жаран президентке кат жазууга жана бир нерсе суроого акылуу, - дейт ал Vesti.kg сайтына. - Эгерде мамлекет бюджеттен айырмасын төлөп берсе, банк акчасын жоготпойт. Ошондо пайызын төмөндөтсө болот. Мындай боло турган болсо, мамлекеттик бюджет тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек.

Ошондуктан каржы Министрлиги мыйзамга өзгөртүүнү даярдаса, депутаттар аны ырасташса, ал эми Сооронбай Жээнбеков кол койсо, анда аппараттын кызматкерлери төмөнкү пайызга мыйзамдуу өтө алышат.

- Бирок ушунун баарына бюджеттин акчасын коротуу максатка ылайыктуу болобу? - деп баса белгиледи эксперт. - Бюджеттегилердин башка да категориялары бар да - врачтар, мугалимдер. Маселе мамлекет президенттин жана өкмөттүн аппаратындагылардын кредитин өз жанынан төлөп берүүгө макул болушунда.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх