Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Фарид Ниязов Жээнбеков менен Атамбаевдин достугун сактап кала турган учурду өткөрүп жибердиби?

Президенттин аппаратынын мурдагы башчысы эки саясатчынын ортосуна көпүрө боло албагандыгына өзүн күнөөлөйт

Президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязов чындыгында жээнбеков менен Атамбаевдин мамилесин сактап калса болмок. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучу Марат Казакпаев билдирди.

- Анын ошол убакта таасири бар болчу, - деп белгилейт эксперт. - Ооба, анын азыркыга чейин Алмазбек Атамбаев менен мамилеси бар. Аны акылдуу адам катары санап, айткандарын угушчу. Ал Жээнбековдун шайлоодогу штабын жетектеди. Азыр болсо коомдук фондду жетектейт. Ниязов - Атамбаев чексиз ишене турган адам. Жээнбеков жаңы президент болгондоФарид Ниязов экөөнүн ортосундагы жаңжалга жол бербей койсо болот болчу.
Өз кезегинде дагы бир саясат таануучу Токтогул Какчекеев да экс-президент менен Жээнбековдун мамилесин сактап калууга Фарид Ниязов салымын кошсо болот болчу дейт.
- Ал өзүн күнөөлүү сезип, алардын достугун сактап калчу учурду өткөрүп жибергендигин айтат, - дейт Какчекеев Vesti.kg сайтына.
- Низов тууралуу кандай сөздөр айтылса да, анын тажрыйбалуу саясатчы экендигин унутпашыбыз керек. Алардын достугун сактоо тууралуу айтып жатканы, демек анын ою жакшы эле болгонунан кабар берет. Ал өзүнүн ушул оюн айтуу менен тиги экөөнү элдешүүгө чакырып жаткандыр.

Түшүндүрө кетели, президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов K-News сайтына интервью берип, эки президенттин ортосундагы мамилени сактап кала албагандыгы үчүн өзүн жемелээрин айткан.

«Ар кандай кыйын учурларда мен дайыма өзүмдү биринчи күнөөлөйм. Ошондой тарбия алгам. Ооба, мен экөөнүн ортосуна кңпүрө боло албадым. Мен отставкага кетип жатып бул тууралуу экөөнө тең айттым. Бирок менин абийирим таза. мен алардын достугун сактаганга колуман келишинче аракет кылдым. менде андай мүмкүнчүлүк болгон же болбогондугун убакыт көрсөтөт. Убакыт өткөн сайын менде андай мүмкүнчүлүк такыр болбогондугуна ишенип баратам. Бирок, бул баары бир менин көкүрөгүмдү өйүгөн нерсени жок кыла албайт» - деди Ниязов журналисттерге.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх