Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Манас» аэропортун башкаруу төрагасынын милдетин аткаруучу Мирлан Бегалиев болуп калды

Мурда ал Бишкек филиалынын директору болчу, ошондой эле компаниянын юридикалык бөлүмүн жетектеген

«Манас эл аралык аэропорту» ААК башкаруу төрагалык милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «МЭА» ААК маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

- «МЭА» ААК башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Мирлан Каниметович Бегалиев дайындалды, - деп маалымдады ал. - Мурда ал Бишкек филиалынын директору болчу.

Белгилүү болгондой, Бегалиев «МЭА» ААК башкаруунун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле компаниянын юридикалык бөлүмүнүн начальниги кызматында иштеген.

Эске салсак, кечээ «Манас» аэропортунун башчысы Эмир Чукуев отставкага кетти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх