Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмонбек Артыкбаевди УКМКнын тергөө абагынан ооруканага которушту

Депутатты операцияга даярдап жатышат

УКМКнын тергөө абагында камакта жаткан депутат Осмонбек Артыкбаевди ооруканага жаткырышты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди.

- Мурда Артыкбаев комплекстүү текшерүүдөн өткөн, анын жыйынтыгында ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышты, - деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун башчысы журналисттерге Артыкбаевди операцияга даярдап жаткандыгын билдирди, анткени анын денесинен грыжа табышкан.

Эске салсак, депутат Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишинде шектүү деп эсептелген.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх