Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЭКККМК: Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө

Каржы полициясы бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кыргыз Республикасында козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандыгын ырастады

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы Vesti.kg сайтына Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын мурдагы төрагасынын кармалгандыгы иууралуу маалыматты ырастады.

- Адамкул Жунусов чынында эле Бакунун аэропортунда кармалган, - деп жооп берди ЭКККМК маалымат кызматы. - Ага эл аралык издөө жарыя кылынган болчу. Жунусовдун Кыргызстандагы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармашты. Азыр аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш чаралар көрүлүп жатат.

Эске салсак, МБК мурунку башчысы Адамкул Жунусовг 2018-жылдын баш оона айында издөө жарыя кылынган. Ага карата КР КК 30 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон (кызмат абалынан ашыра пайдалануу).

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх