Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Карамушкина «КСДП Атамбаевсиз» деген жыйынга чакыруудан алдын ала баш тартты

Депутат бул кыймылды оппортунисттик деп атады

Депутат Ирина Карамушкина «КСДП Атамбаевсиз» деген кыймылдын мүчөлөрүнүн алдында эсеп берип отургусу келбейт. Бул тууралуу ал Vesti.kg сайтына өзү айтып берди.

- Бул съезддин уюштуруучулары менден эсеп алганга акылары жок, анткени алар партиянын мүчөлөрү эмес, - деди эл өкүлү. - Мен алардын жыйынына барып көрдүм, мени менен энең байтал айтышты. Чыныгы партиядагыларды болсо киргизбей коюшту. Мага болсо сен эч ким эмессиң, кет, деп кыйкырышты. Мен барбайм эми. Эгерде менин депутаттык ишиме тьийешелүү болсо, анда келип кабыл алуума жазылышсын. Ал эми партиянын иши боюнча, мен бир гана партиянын алдында эсеп берем. Мен үчүн «КСДП Атамбаевсиз» кыймылы оппортунисттик. Бүгүн алар өздөрүнө ыңгайлуу саясий агымга кошулуп алышты, бирок иш жүзүндө алардын эмнени каалагандыгын так айтып бере алам.

Түшүндүрө кетели, «КСДП Атамбаевсиз» кыймылынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны өздөрүнүн кийинки жыйынына чакырышаарын журналисттерге билдиришкен. Алардын ою боюнча, Карамушкина шаардык партиялык ячейканын жетекчиси катары эсеп бериши керек.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх