­
Тазабек Икрамов: Өлкө коркунучта! Чет элдиктер кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышат - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Өлкө коркунучта! Чет элдиктер кыргыз кыздарына үйлөнүп жатышат

Жогорку Кеңештин депутаты Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү тартибин кайра карап чыгууну талап кылат

Че элдин жарандар Кыргызстанда иштөө менен бирге коркунуч келтирип жатат, анткени алар кыргыз кыздарына үйлөнүп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

- Биздин мамлекетке коркунуч туулуп жатат, - дейт эл өкүлү. - Чет элдиктер бизде иштеп, кыргыз кыздарына үйлөнүшүп, жарандык алып жатышат. Эгерде буга көз жума берсек, 20 жылдан соң коркунучтуу абалга кептелип калабыз.

Анын айтымында, Мамлекеттик миграция кызматы тез арада кыргыз жарандыгын берүү тартибин кайра карап чыгуу керек.

- Чет элдик жарандар базарда иштешип, жергиликтүү ишкерлерди кысып жатышат, - деп нааразы болот ал. - Алар жарандык алгандан мурда пошлина төлөшү керек. Андан сырткары, 3 миллионго жакын акча инвестиция кылышы керек. Англия менен Түркияда ушундай саясат жүргүзүлөт. Мен тезинен анализ жүргүзүп жана жооп берүүнү талап кыламын. Эгерде Кыргызстандын жарандыгын алгандар өлкөгө пайда алып келбесе, кайра чыгарып салгыла.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх