­
Депутат: Саламаттык сактоо Министрлигинде мурдагы криминалдык таржымалы бар адамдарды жетекчи кылып жатат - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Саламаттык сактоо Министрлигинде мурдагы криминалдык таржымалы бар адамдарды жетекчи кылып жатат

Евгения Строкова саламаттык сактоо Министрлигиндеги реформаны адаттан тышкаркы деп атады

Саламаттык сактоо Министрлигинде мурдагы криминалдык таржымалы бар адамдарды жетекчилик кызматка коюп жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Евгения Строкова билдирди.

- Эмне, чоң кызматты ээлеш үчүн сөзсүз криминалдык тарыхы бар адам болуш керекпи? - деди эл өкүлү. - Эшходжаеванын окуу башкармалыгынын начальниги болуп келиши таң калтырбайбы. Мурда ал 3-төрөтканадан каржылык мыйзамды бузгандыгы үчүн айдалган. Кийинчерээк аны курбусу Сагынбаева саламаттык сактоо Министрлигине орноштурду. Ошондой эле ал өкмөттө да отурган.

Строкова саламаттык сактоо Министрлигиндеги реформаны адаттан тышкаркы деп атады.

- Бишкекте дарыгерлер айлыгыбызды көтөрдү деп кубанып жатышат, бирок буйрук эки айга гана чыкты, - деп белгиледи ал. - Биз реформага макулбуз. Бирок эп келе турган реформаны колдойбуз.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх