Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Роза Отунбаеванын макамы - талаштуу, бирок Аскар Акаевди экс-президент деп эсептөөгө болобу?

Эксперттер мурдагы мамлекет башчылардын ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу мыйзамга түзөтүү киргизүү сунушуна комментарий беришти

Асхак Масалиевдин иш аракеттери Алмазбек Атамбаевге каршы. Мындай ой пикирин Vesti.kg сайтына көз карандысыз эксперт саясат талдоочу Марат Казакпаев бөлүштү. Ал депутаттын Аскар акаев экс-президент макамын алыш керек деген сөзүнө комментарий берди.

- Мен Масалиев менен кээ бир учурларда макул боло албайм, - деп белгиледи Казакпаев. - Анын иш-аракеттери конкреттүү түрдө Атамбаевге каршы багытталган. Бул мыйзам долбоор бир гана Атамбаевге эмес, башка да бардык президенттерге тийешелүү деп эсептейм. Акаев менен Бакиевдин маселелери капкачан эле чечилген. 2005-жылкы революциядан кийин Аскар Акаевдин экс-президент деген макамы алынып салынгандыгы жарыя болгон. Андан да, ал саясий кылмышкер деп эсептелет. Исхак Масалиевдин эмнеге эле Акаевди актап жаткандыгына түшүнө бербей турам. Бул маселе жабылган. Акаев менен Бакиевдин учурунда революция болду. Адамдар өлүштү. Мен алар экөө тең бир деңгээлде турат деп эсептейм. Бул мыйзам долбоор аларга тийешелүү эмес. Ал эми Исхак Масалиевдин бул маселени өткөн чак менен байланыштырып жатышы саясий оюн болуп саналат.

Бул нерсе тууралуу дагы бир саясат талдоочу Марс Сариев өз оюн айтты.

- Бул жерде кандайдыр бир укуктук тирешүү болуп жатат деп ой жүгүртөт ал Vesti.kg сайтына. - Менин билишимче, чындап эле 2005-жылы Акаевдин качышы бир да сот аркылуу бекитилген эмес. Масалиевдин билдирүүсүнүн негизги багыты Акаев, Бакиев же Отунбаевага эмес, кудум ошол Атабаевге багытталган. Бийликке жагынган саясатчылардын тобу Алмазбек Шаршеновичти экс-президенттик кол тийбестигинен ажыратууга жетишишет.

Саясат тааннуучу белгилеп кеткендей, кыргызстандыктар азыр өткөндү кайталап жатат.
- Бул маселени чечүү саясий элитанын келишимдеринен көз каранды, - деп улантат Сариев. - Бул маселе өтө аялуу, анткени Кыргызстандын ички абалын туруксуздукка алып келиши мүмкүн. Биз Акаев менен Бакиевдин учурундагы саясий циклга кайрылып жатабыз. Биз өткөндү кайталап жатабыз. Эгерде Атамбаевдин кол тийбестиги алынып салынса, анда Акаев менен Бакиев автоматтык түрдө ушул топко кирип калат. Анын үстүнө алардын убагында кишилер өлгөн. Роза Отунбаеванын да макамы талаштуу. Бирок ал мен жогоруда айткан топко кошулбайт. Отунбаева биздин саясатта жакшы роль ойноду.

Түшүндүрө кетели, кечээ Исхак Масалиев экс-президенттин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу мыйзамга кандай түзөтүүлөркиргизилээрин билдирди. Депутаттын сөзү боюнча, Кыргызстанда бир гана экс-президент бар. Роза отунбаеванын макмы да анын көз карашы бою.нча талаштуу. Ошону менен бирге эл өкүлү 2005-жылы Аскар акаевдин өлкөдөн качышы бир да сот тарабынан бекитилбегендигин билдирди. Ушуга байланыштуу Масалиев биринчи мамлекет башчы да экс-президент деген макамга татыктуу.

Медина Купсулдаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх