Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сириядагы согушка Кыргызстандан 600дөн ашуун жаран чыгып кеткен

«Зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу жана анда медианын ролу» эл аралык форуму Кыргызстанда өтүүдө

Форумдун жүрүшүндө эсктремизм менен күрөшүүдө коомдун аралашып жардам кылуусу боюнча окуялар менен мисалдар келтирилип, алынган сабактарды кийинкиде пайдалануу туурасында кеңири талкуу жүрүүдө.

«Прогресс-Араван» коомдук уюмунун өкүлү Икбол Исаковтун айтымында акыркы жылдары коомго түшүндүрүү иштери күч алды.

«Вотсапп группалар аркылуу роликтерди жиберип жайылттык. Аравандагы борбордук базарда атайын даярдалган буклеттерди тараттык. Күн сайын социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөр менен катар роликтерди жарыялап таратып турдук»-дейт Икбол Исаков. Анын айтымында үй-бүлөдөгү чечүүчү ролдогу эркектердин кызыгуусу боюнча футбол оюнун уюштурушкан. Ага айыл аксакалдарын жана сөзү өтүмдүү кадыр-барктуу инсандарды чакырып, оюн алдында экстремизм жана анын кесепеттери туурасында баарлашуу жүргүзүшкөн.

«Мен бир эле мисалды айтайын. Гендердик зомбулук, зордук менен кыздарды эрте турмушка берүү туурасындагы маалыматтык кампаниясынын натыйжасында жашы 18ге чыга элек кызды күйөөгө бергени жаткан ата-эне менен болочок кудалары ойлонуп, кыздын 18ге чыгуусун күтүп тойду токтотуп коюшкан. Бул да болсо биздин аракеттерибиздин кичинекей жемиши деп билем»-дейт Икбол Исаков.

Ички Иштер Министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Эрлан Бакиевдин айтымында акыркы 5 жыл ичинде Сирияга 600дөн ашык жарандар согушуу үчүн чыгып кетишкен. 60тан ашуун жаран Сирияда каза тапкан. Экстремизмге каршы аракеттенүүдө улуттар жана диний агымдар аралык касташууну козгогон 70 маалымат таратуучу сайттар катталган. Анын 36сына сот тарабынан чечим чыгарылып жабылган. Экстремизмге каршы аракеттенүү багытында экстремизмди жайылткан же террористтик маанайдагы материалдарды жайылткан 665 материал интернет айдыңынан өчүрүлгөн.

Эрлан Бакиевдин айтымында 2014-жылы онлайн түрүндө көзмөл жүргүзүү долбоору ишке кирген. Анын алкагында 800дөн ашуун жогорку класстын окуучулары менен студенттер социалдык тармактарда атайын топ түзүп, улуттар,диний касташууларга жол берген жеке адамдар туурасында маалымат топтоого жардам беришет. 2018-жылы 91 жеке аккаунттан экстремисттик чакыруулар болгону катталып, анын 21 аккаунту кылмыш кылды деп аныкталган.

Акылай Рахматулла

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх